https://sputnik.kg/20210103/bshk-referendum-ugut-zhurguzuu-15-ugut-tobu-kattoogo-aluu-1050983651.html
Референдумга карата 15 үгүт тобу каттоодон өттү. Дебаттардын графиги
Референдумга карата 15 үгүт тобу каттоодон өттү. Дебаттардын графиги
Sputnik Кыргызстан
БШК катталган үгүт топторунун ортосунда теледебат өткөрүү үчүн акысыз эфир убактысын бөлүштүрүү боюнча чүчү кулак уюштурган. 03.01.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-01-03T17:39+0600
2021-01-03T17:39+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
саясат
бшк
референдум
башкаруу
үгүт
эфир
жаңы конституциянын долбоору жана референдум
https://sputnik.kg/img/07e4/0a/13/1050118400_0:0:3073:1728_1920x0_80_0_0_758c3ca4189064e802ab8e7ba645022b.jpg
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргызстандын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга карата 15 үгүт тобу каттоодон өттү. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтына жарыяланды.Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 2-январына карата БШК 10-январда өтө турган бүткүл элдик добуш берүүгө коюлган "макул", "каршы", "бардык варианттарга каршы" деген 15 үгүт тобун каттады. Алар:2020-жылдын 28-декабрынан тартып 2 телерадио уюмунда – КТРК менен "ЭлТР" МТРКда референдумга коюлган маселелер боюнча үгүт топторунун дебаттары жана жекече чыгып сүйлөөлөрү өткөрүлүүдө.Мурда БШК катталган үгүт топторунун ортосунда теледебат өткөрүү үчүн акысыз эфир убактысын бөлүштүрүү боюнча чүчү кулак уюштурган.Чүчү кулактын негизинде бөлүштүрүлгөн эфир убактысына ылайык, КТРК телеканалында үгүт топторунун кезектеги дебаттары 2021-жылдын 4-5-январында өтөт, эфир убактысы – саат 20:00дөн 22:00гө чейин."ЭлТР" МТРКда үгүт топторунун дебаттары 2021-жылдын 6-январынан 8-январына чейин (кошо алганда) өткөрүлөт, эфир убактысы – саат 19:00дөн 20:30га чейин.Ошондой эле "ЭлТР" МТРКда үгүт топторунун жекече чыгып сүйлөөлөрү 2021-жылдын 4-5-январына каралган, эфир убактысы – саат 22:05тен 23:30га чейин.КТРК телеканалында үгүт топторунун жекече чыгып сүйлөөлөрү 2021-жылдын 6-январынан 8-январына чейин (кошо алганда) каралган, эфир убактысы – саат 22:30дан 23:30га чейин.Дебаттардын жана чыгып сүйлөөлөрдүн графиги тууралуу төмөнкү шилтеме боюнча кененирээк маалымат аласыз.
https://sputnik.kg/20201214/referendum-otkoruugo-40-milliondoy-som-kerek-1050777015.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0a/13/1050118400_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_75514b0952f8b2ed60be84557f2360c6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, саясат, бшк, референдум, башкаруу, үгүт, эфир, жаңы конституциянын долбоору жана референдум
жаңылыктар, коом, кыргызстан, саясат, бшк, референдум, башкаруу, үгүт, эфир, жаңы конституциянын долбоору жана референдум
Референдумга карата 15 үгүт тобу каттоодон өттү. Дебаттардын графиги
17:39 03.01.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) БШК катталган үгүт топторунун ортосунда теледебат өткөрүү үчүн акысыз эфир убактысын бөлүштүрүү боюнча чүчү кулак уюштурган.
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргызстандын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга карата 15 үгүт тобу каттоодон өттү. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 2-январына карата БШК 10-январда өтө турган бүткүл элдик добуш берүүгө коюлган "макул", "каршы", "бардык варианттарга каршы" деген 15 үгүт тобун каттады. Алар:
- президенттик республикага "макул" – 8 үгүт тобу;
- президенттик республикага "каршы" – 1 үгүт тобу;
- парламенттик республикага "макул" – 3 үгүт тобу;
- парламенттик республикага "каршы" – 1 үгүт тобу;
- бардык варианттарга каршы – 2 үгүт тобу.
2020-жылдын 28-декабрынан тартып 2 телерадио уюмунда – КТРК менен "ЭлТР" МТРКда референдумга коюлган маселелер боюнча үгүт топторунун дебаттары жана жекече чыгып сүйлөөлөрү өткөрүлүүдө.
Мурда БШК катталган үгүт топторунун ортосунда теледебат өткөрүү үчүн акысыз эфир убактысын бөлүштүрүү боюнча чүчү кулак уюштурган.
14 Бештин айы 2020, 21:03
Чүчү кулактын негизинде бөлүштүрүлгөн эфир убактысына ылайык, КТРК телеканалында үгүт топторунун кезектеги дебаттары 2021-жылдын 4-5-январында өтөт, эфир убактысы – саат 20:00дөн 22:00гө чейин.
"ЭлТР" МТРКда үгүт топторунун дебаттары 2021-жылдын 6-январынан 8-январына чейин (кошо алганда) өткөрүлөт, эфир убактысы – саат 19:00дөн 20:30га чейин.
Ошондой эле "ЭлТР" МТРКда үгүт топторунун жекече чыгып сүйлөөлөрү 2021-жылдын 4-5-январына каралган, эфир убактысы – саат 22:05тен 23:30га чейин.
КТРК телеканалында үгүт топторунун жекече чыгып сүйлөөлөрү 2021-жылдын 6-январынан 8-январына чейин (кошо алганда) каралган, эфир убактысы – саат 22:30дан 23:30га чейин.
Дебаттардын жана чыгып сүйлөөлөрдүн графиги тууралуу
төмөнкү шилтеме боюнча кененирээк маалымат аласыз.