Пресс-конференция и. о. Президента Садыра Жапарова - Sputnik Кыргызстан

Садыр Жапаровдун журналисттерге өткөргөн маалымат жыйыны. Тексттик баяндама

Жазылуу
Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров ЖМК өкүлдөрүнө маалымат жыйын өткөрүүдө. Аны чагылдырууга республикалык жана чет өлкөлүк 86 ЖМКдан 148 журналист катталган.

Маалымат жыйыны КТРК жана башка республикалык телеканалдар аркылуу түз эфирден көрсөтүлөрү айтылды.

Мазмуну
15:14 12.11.2020
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
15:33 12.11.2020
15:32 12.11.2020

Президенттин милдетин аткаруучу ал кызматынан кеткенде ЖКнын төрагасына өтөрүн айтты.

Ал эми өкмөт башчынын милдетин биринчи вице-премьер аткара баштайт.

"Тагыраак айтканда, мыйзам боюнча шайлоого катышуу үчүн өкмөт башчылыгымды тапшырышым керек", — деди  Жапаров.

 

15:14 12.11.2020

Садыр Жапаров: үч жыл түрмөдө карапайым элдин балдары менен отурдум. Абакта адилетсиз отурган 100гө жакын баланын ошол жактан чыгып кетишине жардам бердим. Кандайча жардам бердим? Кат-сабаты жоюлбаган балдардын ордуна арызын жазып, Акыйкатчыга кат жиберип жаттык. Ошентип 100дөгөн баланын абактаны чыгуусун себепкер болгом.

15:12 12.11.2020

"Жеке өзүм түшүндүрүп бергенге дайыма ачыкмын. Мага кайрылып, телефон чалсанар болот. Суроолорго дайыма жооп берем", -  деди Жапаров  ЖМКлар боюнча суроого жооп берип жатып.

15:05 12.11.2020

Жапаров: Абакта жатканда адилетсиздикти жон терим менен сездим. Мен биринчи камалган кезде 2012-жылдары 6-7 ай жаткандан кийин бийлик соодалашууну баштады. Позицияман кайтпай койгондо күнөөсү жок бир тууган эжемди СИЗО-1ге камап койду. Бир жумадан кийин кайра позициясынан кайтты го деп эжем менен жолуктурууга аракет кылышты. Бирок мен болбой койдум. Ошентип эжем 21 күн жатты. 21 күндөн кийин эжемди камаган эле сот кайра эле чыгарып койду. Башыман мындай учурда өткөргөн үчүн эч кимди куугунттукка албагыла дедим.

14:58 12.11.2020

Журналисттердин бири жыйында "Жээнбековго карата кылмыш иши козголсо, ал жазага тартылабы?" деген суроо узатты. Анда Садыр Жапаров "эгер Жээнбеков оор кылмыштарга катыштыгы болсо, анда мыйзам чегинде жооп берет. Азырынча андай кылмышы жок" деп жооп берген.

14:54 12.11.2020

"Эмне үчүн бай өлкөлөр байып, ал эми кедей өлкөлөр эмнеге жакырланып кетет деген китепти окудум", - деди Жапаров.

14:45 12.11.2020

"Башка эч себеби деле жок. Галстук мени муунта берет, ошон үчүн такпайм. Кечээ ШКУнун саммитинде тагынып эле отурдум", - деди Жапаров. 

14:41 12.11.2020

Садыр Жапаров: экономикалык мунапыс боюнча мыйзам азыр Жогорку Кеңештин кароосунан өтүп жатат. Мен билгенден бүгүн толук кандуу үч окуудан өтүп мага келсе, кол коюп анан кетем. Экономикалык мунапыс боюнча мыйзам эртең бүрсүгүндөн тарта күчүнө кирет. Бул ийгиликтүү ишке ашат деп ойлойм.

14:39 12.11.2020

Садыр Жапаров: азыр коронавирус менен күрөшүүдө медиктердин саны жетишсиз. Пандемиядан коркуп кетип калгандар да болду, аларды ишке кайра тартуу үчүн медиктердин айлыгын эмдиги жылы 40 пайызга көтөрсөкпү деген план бар.

14:38 12.11.2020

Садыр Жапаров Бакиевдерди экстрадиция кылуу боюнча суроого жооп берип жатып төмөндөгңдөй деди.

90 кишинин өлүмү туурасында да сөз айтылды. 

"Биз мурдагы бийликтин ишин улантабыз, Бакиевдердин экстрадициясын талап кылабыз. Биздин иштегенибизге жарым айдай эле болду. Эгерде чынын айтсак, Бакиевдер эле күнөөлүү эмес. Мен чыгарылып кеткен 300 миллион доллар боюнча ишти карап жатам. Азыр аягына чыга элекмин", - деди ал. 

14:36 12.11.2020

Маалыматка караганда, Жапаров бийликке келгенде ал учурда вице-премьерлердин резюмесин көрүп, биринчи вицеликке Эркин Асрандиев менен экономика министри Санжар Муканбетовдун талапкерлиги сунуштаган. Бирок ал экөө тең баш тарткандыктан бул кызматты аркалоого Новиков дайындалган.

14:26 12.11.2020

"Эркин Асрандиев мага саясий оппонент катары менин эжекем боюнча жазды. Ал жерде толук маалымат жок. А негизи менин эжекеме саясий заказ болгон. Кылмыш иши буюртма менен козголгон. Эгерде бул кылмыш иши боюнча илгиси келгендер болсо, мен документтерди бере алам", - деди Жапаров.

 

Эске салсак, Жапаровдун бир тууганы Райкүл Жапарова Польша мамлекетинде кармалганын ушул жылы май айында Кыргызстандын ИИМинен билдиришкен. Ага Интерпол аркылуу мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. Учурда Башкы прокуратура Жапарованы мекенине экстрадициялоо маселесин карап жатканын айткан.  

Райкүл Жапарова "Ысык-Көл" инвестициялык банкынын башкармалыгынын төрайымы болгон.

 

 

14:25 12.11.2020

Садыр Жапаров: Мамлекеттик чек ара кызматын УКМКнын курамына киргизүү эч кимге зыянын тийгизбейт. Тескерисинче, чек арачылардын айлыгы көбөйөт, ал үчүн зарыл болгон 2-2,5 миллиард сомду алчу булак табылды.

14:23 12.11.2020

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров эмне себептен өлкөнүн түштүк аймагын кыдырып келгенин түшүндүрдү. Өзүнүн айтымында, ал мындай жол менен улуттар аралык жаңжалдарды алдын алуу үчүн ар кайсы улуттардын диаспора мүчөлөрү менен жабык эшик артында сүйлөшүүгө барган. 

14:16 12.11.2020
Пресс-конференция Садыра Жапарова - Sputnik Кыргызстан

Журналисттерге Жапаровго бирден гана суроо узатуу мүмкүнчүлүгү берилди.   

14:16 12.11.2020

Садыр Жапаров: "Жер-Үй" кени жакында кайра иштей баштайт. Анын токтоп калганы эч кимге пайда алып келбейт. Ал эми анын мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына канчалык иштеп жатканын алдыда текшерүүлөрдү жүргүзүп иликтеп алабыз. Ал эми ал жактагы өрттөө фактысы боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат.

14:13 12.11.2020

Жапаров: менин колумда турса Алмазбек Атамбаевди үй камагына  чыгарып коет элем. Бирок эртең сөз кыласыңар. Андыктан, сот карап, чечим чыгарышы керек.

14:12 12.11.2020

Жапаров: саясий куугунтуктан, журналисттерди куугунтуктоодон, адамдарды түрмөгө камап, ал жерди толтургандан пайда таппайбыз.

14:03 12.11.2020

Садыр Жапаров: Нарындагы Жетим-Тоонун бир куму да башкаларга берилбейт, тышкы карызга, өзүбүз иштетебиз. Кытайдын карызынан кутулуу жолдорун издеп жатабыз. Жетим-Тоо боюнча айтылган кептер ушак.

Эске салсак, Жапаров бир нече күн мурда тышкы карыздан табигый ресурс менен кутулабыз деп айткан эле. 

14:01 12.11.2020

 Жапаров: чет өлкөлүк инвесторлор үчүн биздин эшик ачык. Аларга куугунтуктоо болгон жок, болбойт дагы. Инвестор менен мамлекеттин ортосунда келишим болушу керек.

13:59 12.11.2020

Садыр Жапаров журналисттерге кайрылып "факты менен суйлосок, урматтуу журналисттер" деди. 

13:59 12.11.2020

Жапаров: Жаңы сунушталып жаткан Конституцияда 35 депутат бир мандаттуу округдан, 50сү партиялык система менен Жогорку Кеңешке келе алат. Жалпысынан 90го жакын депутат болот

13:55 12.11.2020

Садыр Жапаров: диктатура орнотоюн деген ниетим жок. Эгер президент болуп калсам андай кылбайм

13:53 12.11.2020

"Саат 16:00дө Россиянын премьер-министри менен телефон аркылуу сүйлөшмөй болдум. Буга байланыштуу маалымат жыйын 1,5 саат гана болот. Болбосо сиздер менен шашпай 5-6га чейин отурайын дегем", - деди Жапаров. 

Жаңылыктар түрмөгү
0