Жарым жылга жетпей спикерликтен кол жууган. Адахан Мадумаров тууралуу 7 факты

Жазылуу
Парламентке жаңы келген "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров тууралуу фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин макаласынан окуңуз.

4-октябрь күнү Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп, алдын ала жыйынтыктарга караганда, "Бүтүн Кыргызстан" партиясы дагы жаңы чакырылыштын катарына кошулду.

Парламентте 13 мандатка ээ болчу бул партиянын лидери Адахан Мадумаровдун таржымалы жана саясий жолу тууралуу эске салууну чечтик.

Туулган жери

1965-жылдын 9-мартында Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб айылында туулган.

Кесиби боюнча журналист эмес

Мадумаровду көпчүлүк мурдагы жуналист катары тааныйт. Анткени ал 1990-жылдары КТРКда иштеп, эл көзүнө ошол жактан көрүнө алган, бирок ал журналисттик билим алган эмес. Эки дипломдун ээси. Алгач Тверь мамлекеттик университетинен тарыхчы, кийин Кыргыз мамлекеттик университетинен юрист кесиптерине ээ болгон.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынан кимдер депутат болуп келет. Тизме

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүАдахан Мадумаров парламентте 13 мандатка ээ болчу "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери
Жарым жылга жетпей спикерликтен кол жууган. Адахан Мадумаров тууралуу 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Адахан Мадумаров парламентте 13 мандатка ээ болчу "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери

Совхоздо иштеген

Эмгек жолун 1982-жылы Өзгөн районундагы "Кайнар" совхозунан баштаган. 1983-85-жылдары советтик армиянын катарында кызмат өтөп, кийин кайра совхозго жумушчу катары кайткан.

Эки ирет президенттикке ат салышкан

2017-жылы президенттик шайлоодо ат салышып, Сооронбай Жээнбеков жана Өмүрбек Бабановдон кийинки үчүнчү орунду ээлеген. Ошондой эле 2011-жылы да өлкө башчы болом деп шайлоого катышкан.

Аскар Салымбеков менен тандеми

2010-жылдагы парламенттик шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан" алтынчы орунду ээлеген, ал эми ЖКга алдыдагы беш партия келген. 2015-жылдын башында Адахан Мадумаров ("Бүтүн Кыргызстан") менен Аскар Салымбеков ("Эмгек") биригип, жаңы саясий бирикме "Бүтүн Кыргызстан Эмгек" деп аталган. Бирок алардын 2015-жылы Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо жеңишке жетебиз деген тилеги ишке ашкан эмес. Мындан көп узабай партиялар "ажырашып" кеткен. Ошентип "Бүтүн Кыргызстан" эки ирет парламентке өткөн жок. Экөөндө тең бир аз пайыз жетпей калган.

Россияда мигрант болгон. Төрөбай Зулпукаров жөнүндө 6 факты

© Sputnik / Табылды КадырбековАл парламентте безге сайып сүйлөгөн чечендиги, бетке чабар курч мүнөзү менен оозго алынган
Жарым жылга жетпей спикерликтен кол жууган. Адахан Мадумаров тууралуу 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Ал парламентте безге сайып сүйлөгөн чечендиги, бетке чабар курч мүнөзү менен оозго алынган

Мадумаровдун чырлуу спикерлиги

Бирок Мадумаровдун шайлоодон такыр эле жолу болбой калды деп айтууга да болбойт. Ал төрт чакырылыштын депутаты болду (биринчиден төртүнчүгө чейинкисине көз чаптырсак, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин акыркы чакырылышын "легендарлуу парламент" катары катар санга кирбестигин эстеп коёлу). Тагыраагы, 2007-жылы президенттик "Ак Жол" партиясына кирип, акыркы ирет ЖКга барып, ал тургай спикер да болгон. Бирок бул кызматта көпкө кармалган эмес, 2008-жылдын январынан майына чейин гана турду.

Отставкага себепкер "жаңгак кабынын" чыры болду. Мадумаров парламенттин жыйындар залын оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, аны жаңгак кабы менен жасалгалоого ниеттенген. Бул кадам жөнөкөй жарандардан тарта депутаттардын өздөрүнүн да нааразылыгын жараткан. Жыйынтыгында Мадумаров спикерлик эле эмес, мандаттан да баш тартууга аргасыз болгон.

Мадумаров безге сайып сүйлөгөн чечендиги, бетке чабар курч мүнөзү менен дал ошол парламентте жүргөн кезинде оозго алынган.

Сын менен чырга жакын "Кыргызстандын" лидери Канат Исаев тууралуу 11 факты

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүү2017-жылы президенттик шайлоодо ат салышып, Сооронбай Жээнбеков жана Өмүрбек Бабановдон кийинки үчүнчү орунду ээлеген
Жарым жылга жетпей спикерликтен кол жууган. Адахан Мадумаров тууралуу 7 факты - Sputnik Кыргызстан
2017-жылы президенттик шайлоодо ат салышып, Сооронбай Жээнбеков жана Өмүрбек Бабановдон кийинки үчүнчү орунду ээлеген

Уулдары тууралуу

Адахан Мадумаровдун Нурмухаммед, Динмухаммед жана Алихан аттуу уулдары бар. Тун баласы кесиби боюнча юрист, экинчиси дипломат. Кичүүсү мектеп окуучусу.

Жаңылыктар түрмөгү
0