Партиялар шайлоого канча акча коротту. "Кыргызстан" 40 млн. сомдон кол жууду

Жазылуу
БШК партиялардын шайлоо фондуна канча каражат түшкөнүн жана канчасы чыгымдалганын жарыялады. Партиялар шайлоо өнөктүгүнө кеткен каражатты ушул фонддон гана алышы керек.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы 21-августка карата саясий партиялардын шайлоо фондуна түшкөн каражат жана чыгым боюнча маалымат берди.

Белгилей кетсек, бул тизмеге 18 партия кирген. Анын арасында талапкерлердин тизмеси боюнча документ тапшырбаган, бирок шайлоо фондун ачкандар да кирген.

Ошондой эле кечээ шайлоого катышуудан четтетилген "Кыргызстан" партиясы тууралуу дагы маалымат жарыяланган.

Шайлоого катышып жаткан партияларга ким канча акча бере алат. Тизме

Партиялардын тизмеси:

  • "Мекеним Кыргызстан". Түшкөн каражат — 16 миллион 435 миң сом. Чыгымдар — 13 миллион 426 миң 852;
  • "Социал-демократтар". Түшкөн каражат — 1 миллион 986 миң 510. Чыгымдар — 1 миллион 967 миң 375;
  • "Бир Бол". Түшкөн каражат — 15 миллион 103 миң 170. Чыгымдар — 13 миллион 293 миң 758;
  • "Республика". Түшкөн каражат — 9,5 миллион. Чыгымдар — 6 миллион 880 миң 958;
  • "Биримдик". Түшкөн каражат — 32 миллион 699 миң 900. Чыгымдар — 14 миллион 296 миң 068;
  • "Чоң казат". Түшкөн каражат — 6 миллион 151 миң 914. Чыгымдар — 1 миллион 38 миң 296;
  • "Мекенчил". Түшкөн каражат — 7 миллион 511,5 миң. Чыгымдар — 5 миллион 11 миң 320;
  • "Ата Мекен". Түшкөн каражат — 12 миллион 374 миң 646. Чыгымдар — 5 миллион 774 миң 778;
  • "Реформа". Түшкөн каражат — 4 миллион 426 миң 937. Чыгымдар — 1 миллион 7 миң 523;
  • "Кыргызстан". Түшкөн каражат — 47 миллион 968 миң 364. Чыгымдар — 39 миллион 335 миң 620;
  • "Ордо". Түшкөн каражат — 5 миллион 150 миң. Чыгымдар — 921 миң 496;
  • "Мекен Ынтымагы". Түшкөн каражат — 1 миллион 937 миң. Чыгымдар — 78 миң 690;
  • "Нур". Түшкөн каражат — 28 миң 320. Чыгымдар — 23 миң 340 ;
  • "Замандаш". Түшкөн каражат — 13 миллион 439 миң. Чыгымдар — 12 миллион 78 миң 535;
  • "Бүтүн Кыргызстан". Түшкөн каражат — 250,5 миң. Чыгымдар — 113 миң 590;
  • "Ыйман Нуру". Түшкөн каражат — 5 миллион 511 миң 350. Чыгымдар — 511 миң 267;
  • Афганистан согушунун ардагерлеринин жана башка согуштук конфликттердин катышуучуларынын саясий партиясы. Түшкөн каражат — 5 миллион 701 миң. Чыгымдар — 300 миң;
  • "Кыргызстан жашылдар партиясы". Түшкөн каражат — 200. Чыгымдар — 0.
Жаңылыктар түрмөгү
0