00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:30
0 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:34
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Больше штрафов — меньше аварий? Обсуждаем новые меры безопасности
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Министр, элчилердин шайлоо өнөктүгүнө аралашканы мыйзамдуубу? БШК жооп берди

© Sputnik / Григорий СысоевПортфельчен адам. Архив
Портфельчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик кызматта туруп кайсы бир партиянын камчысын чапкан аткаминерлер коомчулукту бүдөмүк ойго салды.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Парламенттик шайлоо жакындап, Жогорку Кеңештин депутаты болуу ниети бар жарандар эл алдына чыгууда.   

Партиялар 20-августка чейин съезд өткөрүп бүттү. Бүгүн кечки саат 18.00гө дейре шайлоо күрөөсүнө 5 миллион сом төгүп, БШКга талапкерлердин тизмесин бериши керек. Ага чейин эле социалдык тармактарда съезд бекитип, алдыңкы жыйырмалыкка кирген талапкерлердин жүзүн көрсөтүп, атын аташууда. Көпчүлүгү жаштарга басым жасап жатканы байкалат. Ал эми кесиби боюнча алганда тизмеде ишкер, экономист, юрист, укук коргоочулар жана буга чейинки ЖК депутаттары бар.

Ошол эле учурда талапкерлердин арасынан министр, элчилерди дагы көрүүгө болот. Мамлекеттик кызматта туруп кайсы бир партиянын камчысын чапкан аткаминерлер коомчулукту бүдөмүк ойго салды. Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги бул жагдайдын күнгөй-тескейин билип көрдү. 

Социалдык тармакка эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров "Биримдик" партиясынын съездинде сүйлөп, депутаттыкка талапкер катары алдыңкы сапта турганы жарыяланды.

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов “Мекеним Кыргызстан” партиясынын иш-чараларына талапкер катары катышып жүргөнүн көрүүгө болот. Ошондой эле бул партиянын алдыңкы жыйырмалыгында Сокулук районунун акиминин биринчи орун басары Улан Садалиев, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Медициналык техника жана дары-дармек менен камсыздоо департаментинин  директору Гүлмира Шакирова дагы бар.

Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Мелис Турганбаев "Замандаш" партиясына кошулганы жарыя кылынды.

БШК бир партияны үгүттөгөн мэрия кызматкеринин ишин прокуратурага жөнөттү

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, юрист Кайрат Осмоналиев  мамлекеттик кызматкерлер талапкер катары БШКдан каттоодон өткөндөн кийин үгүт ишине аралашса чара көрүлөрүн эскертти.

“Бүгүн кечки саат 18.00гө чейин талапкерлердин тизмесин бизге бериши керек. Аны 10 күндүн ичинде каттоого алабыз. Эртең мененки маалымат боюнча, 9 партия шайлоо күрөөсүн төктү, төртөө документин тапшырды. Съездде бекитилген талапкерлер БШКдан каттоодон өткөн соң юридикалык макамга ээ болот. Ошондон кийин алардын ыйгарым укуктары токтотулушу керек. Съезддерге катышканы мыйзамга каршы келбейт. Бирок иш учурунда партиянын жумуштары менен алектенбеши керек. Ошондуктан көбү эмгек өргүүгө чыгып кетүүдө”, — деди Осмоналиев.

Буга чейин президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын жетекчиси Турдуназир Бекбоев менен мамлекет башчынын Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаевдин ыйгарым укуктары токтотулган. Алар шайлоо бүткөнгө чейин кызматтан четтеп турушат. Ушундай эле жол менен маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков да кеткен.

Бизде административдик ресурсту колдонуу мүмкүн эмес. Жээнбеков шайлоо тууралуу

Осмоналиев бул мыйзамдуу көрүнүш экенин айтып, бирок мындай учурда ыйгарым укуктарын токтотуп эмес, кызматтан биротоло кетсе адилеттүүлүк болмок деген пикирин билдирди. 

Белгилей кетсек, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу, Бишкектин вице-мэрлери Мирлан Амантуров, Татьяна Кузнецова да кызматын тапшырып, шайлоого аттанган.

Жаңылыктар түрмөгү
0