06:05 26 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8443
  • EUR77.1640
  • RUB1.1301
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
340 0 0

Мындан төрт жыл мурда, тагырагы 2015-жылдын 4-октябрында, парламенттин VI чакырылышы шайланган. Анда жалпысынан 14 саясий партия ат салышып, алтоо Жогорку Кеңешке келген.

Sputnik Кыргызстан агенттиги фракция лидерлерин чакырып, эл өкүлдөрүнүн шайлоо алдында калкка берген убадаларын эскертти. Үгүт маалында берилген убадалар канчалык деңгээлде ишке ашкандыгын бул ирет "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов айтып берди.

Аталган фракциянын курамы 28 депутаттан туруп, учурда көпчүлүк коалициясына кирет.

— Жыргалбек Күрүчбекович, 2015-жылдагы шайлоо алдында түзүлгөн программаңыздарда түрдүү багыттар боюнча 15 убада камтылыптыр. Төрт жыл аралыгында канчасы ишке ашты?

— "Республика — Ата-Журт" партиясы 2015-жылдан баштап элдин жашоосун өзгөртө турган 15 мыйзам алып чыктык. Фракцияга бул жылдар аралыгында 14 миңден ашуун жарандан кайрылуу келип түштү. Анын ичинен 13 миңден ашыгы аткарууга жөнөтүлдү. Төрт жылда 96 отурум өткөрдүк. Алардын 15и көчмө жыйын катары аймактарда болду. Бул отурумдарда 309 чечим кабыл алынып, алар ар дайым көзөмөлдө. Мындан тышкары, фракция мүчөлөрү жеке сунуштаган 51, ал эми башка депутаттар менен биргеликте 180ден ашуун мыйзам долбоорун жазып чыктык.

Эми биздин платформага токтоло турган болсом, 15 мыйзамдын 11ине кол коюлду. Жакында президент тарабынан айыл чарба жана энергетика жаатындагы кайра жаралуучу булактар боюнча мыйзамга кол коюлду. Башкача айтканда, элге берген убадабыздын 75 пайызы ишке ашты. Алдыдагы бир жылда калган төрт мыйзам боюнча иштейбиз. Айрым мыйзамдар өкмөттө каражат жок болгондуктан токтоп турат.

— Айрым фракция лидерлери "мандаттын аздыгынан өкмөттү биз түзбөй, убадаларды аткара албай калдык" дешет. Парламентте алгачкы эки жыл "Республика — Ата-Журт" көпчүлүк коалицияда эмес болчу. Эгер жогоруда сиз келтирген сандарга таяна турган болсок, жыйынтык жаман эмес. Кантип жетиштик деп ойлойсуз?

— Коллегаларымдын пикирине кошула албайм. Себеби биз эки жыл оппозицияда жүргөн учурубузда деле мыйзамдарды киргизип, өткөрүп жаттык. Башкысы, мыйзам долбоору элге керек чөйрөнү камтып, сапаттуу жазылышы керек. Ал эми мындай мыйзамды депутаттар колдошу зарыл. Мисалы, оппозицияда жүрүп эле эл өкүлдөрүн мамлекеттик камсыздоодон, тагыраагы, айдоочудан жана бир жардамчыдан баш тартуу боюнча мыйзамды киргизе алдык. Абдан кызуу талкуу жаратып, келип чыккан каршылыктарга карабастан мыйзам долбоору өттү.

— Мамлекеттик камсыздоо боюнча мыйзам тууралуу кеп болуп калды. Депутаттардын жардамчыларынын саны эле эмес, аткаминерлердин да санын кыскартуу тууралуу сөздөр айтылды эле...

— Туура. Бул боюнча алгач өзүбүз үлгү бололу деп баштаганбыз. Тилекке каршы, өкмөт тарабынан аткаминерлерди кыскартуу жаатында иштер жеткиликтүү болбой жатат. Мына быйыл санариптештирүү иштери жасалууда. Компьютерлештирүү менен өкмөт дагы бир топ кыскартууларга барат деген ойдомун. 

Глава фракции Республика – Ата-Журт 6 созыва Жыргалбек Турускулов во время заседания
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
Жыргалбек Турускулов: Республика партиясы 2020-жылкы шайлоого катышпай калышы мүмкүн

— Бул жерде катардагы кызматкерлердин кыскартылуусу тууралуу айтылууда, сиздер болсо чиновниктик кызмат орундарын азайтуу боюнча убада бердиңер эле. Жөнөкөй адистерди алып салуу менен өлкөдө жумушсуздук, миграция көйгөйү күчөп кетпейби?

— Санариптештирүү боюнча ар бир министрлик өзүнүн бүтүмүн билдириши шарт. Канча адамды кыскартса болот, натыйжалуу болобу деген анализдерин жасап чыгышы керек. Айрым учурларда реформа деп айтылганы менен ал ишке ашпай жатат. Министрликтен алып салынса эле кыскартуу болбойт. Мындай кайталоолор болбошу зарыл. Маселен, мамлекеттик кызматта иштегендердин саны муниципалитеттерди кошпогондо 350 миң адам. Алардын маянасына коротулган каражат эле 40 миллиард, эгер муниципалитеттерди кошсок, 70 миллиард каражат кетет. Биз тапканыбызды эле маянага бөлүштүрүп коюп отуруп калуудабыз. Өнүгүүгө дагы каражат калышы керек да. Бул багытта өкмөт ойлонуп, кескин реформаларга барышы абзел. Өзүбүз аз элбиз, ошондуктан бизге чакан өкмөт жетиштүү.

— Энергетика тармагында ортомчу компанияларды жок кылуу тууралуу убадаңар бар эле. Канчалык деңгээлде ишке ашыра алдыңыздар?

— Энергетиканын кайра жаралуу булактары боюнча мыйзам көлөмдүү болчу. Мен бул тармактагы комитетте да эки жыл иштеп калдым, анда да кайра-кайра каралып, талкууланып жатты. Биз шайлоо алдында элге убада берерде өлкөнүн гидроресурсун колдонуу менен 89 чакан ГЭС курса болорун айтканбыз. Бирок бул толук кандуу ишке ашкан жок, анткени инвесторлор келбейт. Себеби коэффициенттер 2,6га барабар, башкача айтканда, электр кубатынын бир киловатты беш сомдон сатылчу. Мындай баалар инвесторлорго кызыксыз болсо, жергиликтүү компаниялардын шарты жок. Биз сунуштаган мыйзамдын негизинде азыр электр энергиясынын 1 кВт 1,3 коэффициентке түшүп, тагыраагы, өндүрүлгөн жеринен 3 сом 25 тыйындан сатылат.

Ал эми ортомчу компаниялар боюнча да иштерди аткара алдык. "Макмал" заводун буга чейин ортомчу компания иштетип келген. Алар колдонуучуларга эч кандай шарт түзбөй эле ортодон акча жасашчу. Азыр ортомчу компаниясы жок түз иштеп калды. Эми мындай ортомчулук кылууну каалагандар кандайдыр бир завод, фабрика, инфраструктурасы даяр мекемелерди эмес, тээ алыстагы шарты начар айылдарды алып, алгач зым тартып, түркүк орнотуп бардык шарттарды түзүп берип, анан ортомчулук кылууга милдеттенет. Энергетика тармагында мына ушундай иштердин аткарылышына жетише алдык.

— Жаңы конуштарды документтештирүү боюнча да айтылган. Кайсы калктуу пункттарды мыйзамдаштыра алдыңыздар?

— Бул боюнча V чакырылыштын депутаттары дагы аракет кылышкан. 2010-жылга чейин салынган 400 миңдей үй трансформация болду. Ал эми 2010-жылдан кийинки жылдарда басып алынган үйлөр боюнча трансформацияга мораторий турат. Ал учур да өкмөттүн компетенциясында. Алар бул багытта иштеп, аныктап чыгуусу зарыл.

— Бишкектин тургундары менен жолугушуу учурунда ар бир үйдүн подъездине видео көзөмөл орнотуу боюнча убада берилген экен. Өзүңүз көрүп тургандай, азыр ар бир көп кабаттуу үй камералар менен камсыздалды деп айтууга эрте. Негизи эмнеге таянып ушундай убада берилди эле?

— "Коопсуз шаар" долбоору ишке ашырылып жатпайбы. Акырындап бул видео көзөмөлдөр ар бир үйгө чейин коюлушу керек. Мына ошол долбоордун алкагында ишке ашырылышы зарыл. "Коопсуз шаарды" ишке ашырууга канча жылдар кетти. Натыйжасы жаман эмес. Маселен, камера орнотулган жерлерде кырсыктын саны кескин төмөндөп калганы маалымдалууда. Мындай чоң долбоорлордун ишке ашуусунда ар бир депутаттын, жалпы парламенттин салымы бар деп эсептейм. 

Депутат ЖК 6 созыва Жыргалбек Турускулов во время заседания
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
Депутат: өзүбүз аз элбиз, бизге чакан өкмөт керек

— Быйыл 2019-жылы гумандаштырууга багытталган жаңы кодекстер ишке кирди. Анда кетирилген кемчиликтер, мыйзамдардын чийкилиги ушул күнгө чейин коомдун талкуусунда. Мында "Республика — Ата-Журт " фракциясынын моралдык жоопкерчилиги бар деп эсептейсизби?

— Бул кодекстер абдан талаш жаратып, шашылыш түрдө кабыл алынбадыбы. Арасында биз макул болбогон пункттары көпчүлүктүн добушу менен өтүп кеткен учурлары кездешет. Кээ бир мыйзамдар түпкүлүгү туура багытта болгону менен ишке ашыра келгенде чийкилиги көрүнүп калды. Албетте, бул жерде биздин фракциянын, жалпы эле парламенттин жоопкерчилиги бар. Менин жеке пикиримде, айрым нерселерди гумандаштырууга барбашыбыз керек эле. Мисалы, ошол эле педофилия боюнча жеңилдиктер каралбашы керек болчу. Мыйзамдын табияты ушундай болот да, ал дароо эле төгөрөгү төп келип жазылып калбайт. Иш жүзүндө сыноодон өтүп, улам алымча-кошумчасы менен идеалдашат.

— Өзбекстанга тоскоолдуксуз кирип-чыгуу боюнча Ошто кеп кылдыңыздар эле. Мындан тышкары, аталган шаарды маданий борбор кылуу тууралуу дагы сөздөр айтылган...

— Ошту маданий борбор кылуу боюнча сунуштарды бергенбиз. Ал өкмөттүн иши. Ал эми чек ара боюнча президент Сооронбай Жээнбеков шайланып келгенден кийин тышкы маселелер ордуна келип жатат. Мисалы, Өзбекстан менен эч кандай тоскоолдуксуз кирип-чыгып жатышат.

— Бул өзбек тараптын демилгеси менен ишке ашып жатпайбы?

— Эки президенттин, эки мамлекеттин сүйлөшүүсү, биздин мамлекеттин ички-тышкы саясаты туура келгендиктен ушундай шарт түзүлүүдө.

— Чек ара аймагындагы айылдарды көрктөндүрүү, жарыктандыруу, жолдорду куруу маселесин дагы көңүл сыртында калтырган эмессиздер. Бул боюнча кандай иштер жасалды?

— Чек арада жайгашып, социалдык маселелери курч турган эң көйгөлүү аймак — Баткен облусу. Мунун чечилиши үчүн өтмө жолдор курулууда. Өкмөткө талап коюп жатабыз. Алар мартка чейин чечебиз деп жатышат. Ошондой эле жерди трансформациялоо боюнча кайра карап чыгуубуз керек. Чек арага чектеш аймактарда мораторийди жоюшубуз зарыл. Анткени айылдарга жаш адистер барбайт, инвесторлорду тартуу керек дейбиз. Ал үчүн өкмөт шарт түзүп бериши керек да.

— Миграция күч алгандыгына байланыштуу кош жарандуулук боюнча убада бериптирсиңер. Учурдагы мыйзамга ылайык, чектеш төрт мамлекеттен башка өлкөлөрдүн жарандыгын алууга Кыргызстан каршы эмес. Бирок ал үчүнчү мамлекеттер биздин жарандуулукту тааныбайт. Сиздер мигранттар менен болгон жолугушууда ушул маселени чечүүгө убада бердиңер эле.

— Негизинен бул көйгөйдү чечели деп өз сунуштарыбызды өкмөткө жөнөткөнбүз. Бирок укук коргоо органдары терс бүтүмүн чыгарып, демилге ишке ашпай калды. 

Лидер фракции Республика — Ата-Журт Жыргалбек Турускулов во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жыргалбек Турускулов: жаңы кодекстер шашылыш кабыл алынып калды

— Шайлоо алдында берилчү популярдуу убадалардын дагы бири — акыйкат сот системасын түзүү. Сиздер дагы бул убададан четте калган эмессиздер. Тилекке каршы, сезилерлик реформа байкала элек, себеби эмнеде?

— Республикада сот системасынын ишин оптималдаштыруу аракеттери көрүлүүдө. Мунун натыйжасында кандайдыр бир жылыш болду. Бирок соттор акыйкат болуп калды дегенден алысмын. Негизинен бул багытта мыйзамдар жакшы эле. Фемида өкүлдөрүнүн көз карандысыз иш алып барууга бардык мүмкүнчүлүгү бар, мыйзамдар жол берет. Калганы соттун жеке абийиринен эле көз каранды.

— Кыргыз коомчулугу саясатташып кетти. Ошондуктан элди ишкерликке үйрөтөбүз деген элеңиздер...

— Ооба, биздин коом абдан саясатташкан. Жаш балдардан карыяларга чейин саясат менен алек. Бул жумушсуздуктан улам келип чыккан нерсе. Анткени өнүккөн өлкөлөрдө президенти, премьер-министри ким экенин деле билишпейт. Ошондуктан бул тенденцияны жок кылуу максатында беш жылдан он жылга чейин мүлккө жана жерге болгон салыктан бошотуу мыйзамын кабыл алдык. Мунун натыйжасында жер-жерлерде чакан бизнестер өнүгүп жатканы байкалууда.

— 2020-жылы боло турган шайлоого "Республика — Ата-Журт" тандеми катышабы?

— Ага чейин бир жыл убакыт бар. "Республика — Ата-Журт" бул бир жолку долбоор. Тандем өз максатына жетти, мындан ары улантуунун кажети жок деп айта алам. Андыктан бул багытта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, узартуу иштери жасалган жок. Ал эми "Республика" партиясы өз алдынча шайлоого бараар-барбасы азырынча белгисиз. Таптакыр катышпай да калышыбыз мүмкүн.

— Мындай учурда партия лидери Өмүрбек Бабановду саясатта дагы беш жыл көрүнбөйт деп айта алабызбы?

— Бул боюнча дагы так жооп бере албайм. Ал буга чейин саясаттан кеткенин билдирип, шайлоого барбай тургандыгын белгилеген.

Тема боюнча

РАЖ лидери Турускулов: Сапар Исаков элди алдап өзүм билемдикке барган
Шыкмаматов: Текебаев президенттин ырайымы аркылуу бошонуудан баш тартты
Белгилер:
саясат, убада, фракция, Жыргалбек Турускулов

ЭҢ МААНИЛҮҮ