Токаевдин Кыргызстанга сапары жана ЖККУ саммити. Программа

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүКазакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Архив
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
27-ноябрда Кыргызстанга Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев келсе, эртеси Бишкек шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун саммити өтөт.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун саммити (ЖККУ) менен Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин мамлекеттик иш сапарынын программасы маалымат жыйында айтылды.

Коңшу өлкөнүн президентинин сапары 27-ноябрда өтсө, ЖККУнун саммити эртеси күнү, 28-ноябрда болот.

"Токаевдин сапары учурунда кызматташуу маселеси талкууланып, эки тараптуу мамилелерди бекемдей турган бир катар документтерге кол коюлат. Алар — чек ара, транспорт, миграция, саламаттык сактоо тармактары. Мындан сырткары, мамлекеттер аралык жогорку кеңешинин бешинчи отуруму болот", — деди президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков.

Первый снег в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
ЖККУ саммити. Коопсуздук кеңешинин катчысы элди чыдамкайлыкка чакырды
Ал ЖККУнун саммитине Александр Лукашенко (Белоруссия), Касым-Жомарт Токаев (Казакстан), Владимир Путин (Россия), Эмомали Рахмон (Тажикстан) жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян катышарын айтты.

"Отурум учурунда ЖККУнун алкагында эл аралык жана аймактык коопсуздук тармагындагы актуалдуу маселелер боюнча отурум өтөт. Күн тартиби 21 суроодон турат. Башкы саясий документ — глобалдык жана аймактык коопсуздукту сактоо максатындагы эл аралык өз ара кызматташуу боюнча билдирүү болот", — деди ал.

Мындан сырткары, ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн эки тараптуу жолугушуулары да өтмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0