Менин атам — президент! Саясатта атасынын оң колуна айланган кыздар

© AFP / FRANCK FIFEОтель Mandarin Oriental в Париже
Отель Mandarin Oriental в Париже  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атасы тактыга келери менен бул кыздардын мурдагы бейкапар жашоосу бүтүп, баскан-турганы элдин "сүйүктүү темасына" айланган.

Адатта өлкө башчылардын кыздары коомдук жашоого активдүү катышат. Бири кайрымдуулук, экинчиси бизнес кылат. Дагы башкасы китеп жазат дегендей.

Первый год президентства Сооронбая Жээнбекова - Sputnik Кыргызстан
Айгүл Токоева менен Зироатхон Хошимованын артынан келгендер. КМШнын жаңы канайымдары
Бирок бүгүн саясий активдүүлүгүн көрсөтүп, атасынын үйдө гана эмес, сырттагы ишенимдүү адамына, оң колуна айлана алган кыздар тууралуу кеп кылабыз.

Борбор Азияда буга чейин эл оозуна алынган канбийкелердин эң көрүнүктүүлөрү — Бермет Акаева менен Гүлнара Каримова болгон. Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевдин тун кызы депутаттык мандатка чейин жеткен, бүгүнкү күндө чет өлкөдө жашайт.

Ал эми Ислам Каримовдун кызы тышкы иштер министринин орун басары, элчилик кызматтарды аркалап жүргөн кезинде саясат таануучулар аны атасынын мураскери катары сыпаттай башташкан. Азыр ал коррупциялык иштерге айыпталып, Ташкенттин жанындагы аялдар түрмөсүндө жазасын өтөп жаткан кез.

Дарига Назарбаева

© REUTERS / Shamil Zhumatov/File photoКазакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига
Менин атам — президент! Саясатта атасынын оң колуна айланган кыздар - Sputnik Кыргызстан
Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин үч кызы тең элге таанымал. Бирок атасынын изи менен тун кызы Дарига келе жатат. Жашыраак кезинде кайрымдуулук фондун, бир нече ЖМКларды жетектеп келсе, 2015-жылы өкмөт башчынын орун басары болуп дайындалган. Учурда казак парламентинин төрайымы. 56 жашта, үч баланын энеси. Саясий илимдердин доктору, тарых жана экономика илимдеринин кандидаты. Буга чейин, тагыраагы, Nur Otan партиясы Касым-Жомарт Токаевди президенттикке талапкер катары көрсөткөнгө чейин Назарбаева кийинки президент деп божомолдонуп жүрчү.

Озода Рахмон

© Фото / Пресс служба президента РТТажик лидери Эмомали Рахмон кызы Озода
Менин атам — президент! Саясатта атасынын оң колуна айланган кыздар - Sputnik Кыргызстан
Тажик лидери Эмомали Рахмон кызы Озода

Тажик лидери Эмомали Рахмон биздин чөлкөмдө гана эмес, дүйнө жүзү боюнча көп балалуу президенттердин бири. Анын тогуз баласы бар. Ичинен экөө кызмат жагынан баш айланткан ийгиликке жетишкен. Алардын бири 41 жаштагы Озода Рахмон президенттик аппараттын жетекчиси. Мурда Тажикстандын АКШдагы элчилигинде иштеген. Андан соң ТИМдин консулдук бөлүмүн жетектеп, 2009-жылы тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалган. Жолдошу Жамолиддин Нуралиев Тажикстандын Улуттук банкынын жетекчисинин биринчи орун басары. Жубайлардын беш баласы бар.

Саида жана Шахноза Мирзиёевалар

© Фото / Пресс-служба Агентства информации и массовых коммуникацийӨзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кызы Саида
Менин атам — президент! Саясатта атасынын оң колуна айланган кыздар - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кызы Саида

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев эки кыз, бир уулдун атасы. Саида менен Шахноза коомдук турмушка активдүү катыша баштады. Мисалы, кичүү кызы Саида апрель айында республикадагы Маалымат жана массалык коммуникация боюнча агенттиктин директорунун орун басарлыгына дайындалган. Көп өтпөй атасынын өлкөнү өнүктүрүү боюнча демилгелерин толугу менен колдой турганын айтып, социалдык тармактар аркылуу элдин кеп-кеңешин сураган

Президенттин кичүү кызы Шахноза Мектепке чейинки билим берүү министрлигине караштуу башкармалыктардын бирин жетектейт. Ал дагы билим берүү тармагындагы коомдук иш-чараларга активдүү катышат.

Иванка Трамп

© REUTERSАКШ президенти Дональд Трамптын кызы Иванка
Менин атам — президент! Саясатта атасынын оң колуна айланган кыздар - Sputnik Кыргызстан
АКШ президенти Дональд Трамптын кызы Иванка

Дональд Трамп президенттик тактыга жаңы отурган айларда саясий серепчилер биринчи айымдын ролун өлкө башчынын кызы Иванка Трамп аткарат деп так кесе айтып келишкен. Анткени ал учурда Трамптын жубайы Мелания Вашингтонго көчүп келүүдөн баш тартып жүргөн. Иванка Трамп чындап эле абдан активдүү, өзүн эл алдында туура алып жүргөндү тыкыр өздөштүргөн айым. Өзүнүн Ivanka Trump деп аталган кийим-кечектер брендин негиздеген. Бирок 37 жаштагы канбийке бизнесин жыйыштырып, 2017-жылы атасынын ассистенти болуп жумушка кирген. Былтыртан бери расмий түрдө президенттин кеңешчиси болуп иштеп келе жатат.

Кинга Дуда

© AFP / WOJTEK RADWANSKIПольшанын президенти Анджей Дуданын жубайы Агата жана кызы Кинга менен
Менин атам — президент! Саясатта атасынын оң колуна айланган кыздар - Sputnik Кыргызстан
Польшанын президенти Анджей Дуданын жубайы Агата жана кызы Кинга менен

Польшанын президенти Анджей Дуданын кызы Кинга өлкөдөгү эң көп талкууланган адамдардын бири. Ал 2015-жылы 20 жашында атасынын президенттик шайлоонун алдындагы кампаниясына абдан активдүү катышып, эл оозуна алынган. Анын ачык-айрымдыгы жана шайлоочуларга чын дили менен жасаган мамилеси журналисттерди кайдыгер калтырган эмес. Азырынча аны кайсы бир саясий кызматтан көрүүгө эрте. Анткени ал окуусун бүтө элек, юридикалык окуу жайлардын биринде билим алууда. Бирок саясий маркетинг боюнча адистер атасы катышкан президенттик шайлоодо жаштардын басымдуу бөлүгү дал ушул Кингага добуш берген деп божомолдоп, атасынын президенттикке өтүшүнө салымы тоодой деп эсептешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0