00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Новая «золотая лихорадка»: почему кыргызстанцы скупают слитки и что будет с ценами
08:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Бир кылымга чукул тарыхы бар окуу жай жана кадр даярдоодогу монополия. КММА тууралуу маек
09:05
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Ноль пошлин на фосфаты: как решение ЕЭК скажется на урожае в Кыргызстане
10:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мобилдик тиркеме менен көзөмөлдөнөт — Пробация департаментинин кардарлары өстүбү?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкө боюнча 820 жергиликтүү кеңеш өкүлү окутулду — депутаттар эмнени үйрөнүштү?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Страховка: что она даёт торговцам и можно ли получить кредит без залога
12:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү — кимдер алданууда?
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как события в Иране повлияли на Центральную Азию — беседа с экспертом
14:05
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жаштардын жашоо абалы изилденди — кандай шартта жашап жатышат?
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Монополия на медицинское образование в КГМА: как перестраивают систему подготовки врачей
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Кыргыз киносу жасалма интеллект менен жаңы доорду баштады
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Лицензия для такси: что изменилось и почему водители просят упростить правила
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жаштардын жашоо абалы изилденди — кандай шартта жашап жатышат?
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Айдоочулук күбөлүктөр эмне үчүн жапырт алмаштырылып жатканынын чоо-жайы айтылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине маек берип, маселени ачыктаган.Өлкө башчынын айтымында, айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу чечими коопсуздук жана мамлекеттин эл аралык аброю үчүн кабыл алынган. Анткени мурда чет өлкөлөрдө чыгарылган эски үлгүдөгү документтердин коргоо деңгээли алсыз болуп, жасалмалоо фактылары кеңири тараган. Айрым жасалма ID-паспорттор жана айдоочулук күбөлүктөр менен кылмышка, атүгүл террорчулукка байланышкан учурлар катталып, бул Кыргызстанга олуттуу имидждик зыян келтирген.“Азыр бардык мамлекеттик документтер “Учкун” ишканасында жогорку коргоо элементтери менен чыгарылууда. Эми эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр толук жыйналып, жокко чыгарылат. Бул жасалма документтерди Кыргызстанда да, чет өлкөлөрдө да колдонууга бөгөт коёт”, — деп белгилеген ал.Президент ошондой эле мөөнөтсүз күбөлүктөр да алмаштырылышы керектигин, бул үчүн медициналык маалым кат талап кылынбай турганын айткан. Ал эми “Түндүк” порталындагы мүчүлүштүктөр серверлердин алсыздыгы жана жарандардын бир учурда көп киришинен улам болгон. Маселени чечүү үчүн платформаны модернизациялоого 130 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн.
Бишкекке кошулган конуштарды өнүктүрүүгө беш жылда 48,8 миллиард сом жумшалат. Бул тууралуу мэрия жарыялаган Административдик-аймактык реформа алкагында борбор калаага кошулган аймактарды өнүктүрүү боюнча 2026-2030-жылдарга карата иш-чаралар планынын долбоорунда айтылды. Каржылоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден, муниципалдык ишканалардын каражатынан, ошондой эле бюджеттен тышкаркы булактардан, анын ичинде эл аралык гранттардын эсебинен жүргүзүлөт. План социалдык объектилерди куруу жана реконструкциялоо, жол инфраструктурасын өнүктүрүү, инженердик тармактарды жакшыртуу, турак жай-коммуналдык чарба жана энергетика тармагын өнүктүрүүнү камтыйт. Анын ичинде билим берүү мекемелери үчүн 37 имарат курулуп, 80-100 чакырым жол салынары айтылды. Эске салсак, 2024-жылы Бишкектин административдик башкаруусуна 24 калктуу пунктуну камтыган сегиз айыл аймагы өткөрүлүп, шаардын аянты 41 миң гектарга чейин кеңейген.
Молдованын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги боюнча макулдашууну денонсациялоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу ТИМ башчысы Михай Попшай билдиргенин РИА Новости жазды."Негизги деп эсептелген үч макулдашуунун денонсацияланышы менен Молдова Республикасы КМШдан чыгат. Процесс башталды. Биз бул чечимди кечээ жакында эле кабыл алдык", — деген министр Radio Moldova эфиринде.Анын айтымында, денонсация боюнча документтерди февралдын ортосунда парламент карайт. Андан кийин чечимди президент Майя Санду бекитет.Молдова 2022-жылдан бери КМШ жыйындарына катышпайт, мындан тышкары, байкоочу макамына ээ болгон ЕАЭБдин иш-чараларынан да баш тарткан. Өлкө бийлиги Батыш рыногуна бет алууда. Санду республика "европалык стандарттарга ылайык евроинтеграцияга багыт алган" эл аралык укуктук базага таянарын белгилеген. Өткөн жылдын соңуна карата өлкө КМШ алкагында кол коюлган 255 документтин 67син аткарган эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0