00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:08
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
7 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:08
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
2025-жылдын 30-ноябрына карата Кыргызстандын аймагында 21 коммерциялык банк жана коммерциялык банктардын 306 филиалы иштеп турган. Улуттук банктан билдиришкендей, жыл башынан тартып банк секторунун суммардык активдери 44,9 пайызга өсүү менен 1 трлн 181 млрд 800 миллион сомду түзгөн. Ошондой эле банк секторунун кардарларынын кредит портфелинин көлөмү 43,6 пайызга өсүү менен 489 млрд 300 миллион сомду, Ислам принциптери боюнча каржылоо көлөмү 100,8 пайызга өсүү менен 18 млрд 100 миллион сомду түзгөн.Мындан тышкары банк секторунун кардарларынын жалпы депозиттик базасы 38,8 пайызга өсүү менен 822 млрд 400 миллион сомду түздү.
Бишкек шаарында коомдук транспортто жүрүү тарифтери каралышы мүмкүн. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, шаарда айдоочулар жетишсиз. Ошондуктан алардын айлык маянасын жогорулатуу маселеси каралууда. "Эгер айлык жогоруласа, коомдук транспортто жүрүү акысынын өзгөрүшү да каралышы мүмкүн", — деди Жунушалиев. Ошондой эле мэр быйыл шаарга 634 жаңы автобус келерин белгиледи. Булардын көлөмү кичирээк болуп, борбор калаага жаңы кошулган аймактарга каттайт.
Талас облусунда 1 миллиард сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод курулат. Бул тууралуу бүгүн, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Алмасбек Абытов билдирди. Анын айтымында, өкмөт Талас облусундагы дыйкандарга буурчак сатууда колдоо көрсөтүү үчүн аракеттерди көрүп жатат. "Кыргызагрохолдингдин маалыматы боюнча, өткөн жылы Таласта дыйкандардан төө буурчак сатып алуу үчүн 100 миллион сом бөлүнгөн. Натыйжада, килограммы 95 сомдон 1 миллион 700 миң 453 килограмм буурчак сатылып алынган", — деп белгиледи Алмасбек Абытов. Ал кошумчалагандай, төө буурчак экспортуна шарттарды түзүү боюнча потенциалдуу инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Андан тышкары, президенттин 2025-жылдын ноябрь айында Талас облусуна болгон сапарында төө буурчак чогултуу пункттарын түзүү жана 1 миллиард сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод куруу боюнча тапшырма берилген.
Канаданын аскер күчтөрү эгер АКШ бастырып кире турган болсо партизандык согуш жүргүзүү сценарийлерин иштеп чыгууда. Бул тууралуу Globe and Mail гезити ишенимдүү маалымат булактарына таянып жазды. "Өлкөнүн куралдуу күчтөрү афган моджахеддери колдонгон козголоңчулардын күрөш тактикасын караштырууда", — деп айтылат маалыматта. Ишенимдүү адамдардын айтымында, канадалык аскерлер америкалык армия чабуулду түштүктөн баштап, кургактагы жана деңиздеги стратегиялык позицияларды бир жуманын ичинде, ал тургай эки күндө да басып алышы мүмкүн деп болжоп жатышат.Ошол эле учурда Канаданын аскер жетекчилиги АКШнын мүмкүн болгон чабуулун кайтаруу үчүн жоокери менен курал-жарагы жетишсиз экенин моюнга алууда. Ошондуктан алар диверсия жасоого, дрондордун жардамы менен тузакка түшүрүү ыкмаларын колдонууга өтүшү мүмкүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0