Айгүл Токоева менен Зироатхон Хошимованын артынан келгендер. КМШнын жаңы канайымдары

Жазылуу
Акыркы айларда эле КМШнын бир нече өлкөсү жаңы жетекчилүү болду.

Мисалы, 2018-жыл бүтө жаздап калганда Грузия жаңы президент катары Саломе Зурабишвилини тандап алды. Коңшу казак элин 30 жылдан бери башкарган Нурсултан Назарбаев отставкага кетип, ордуна Касым-Жомарт Токаевди дайындады. Ал эми Украинада президенттик шайлоодо актёр Владимир Зеленский жеңип чыкты.

Жубайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президенттердин күйөө балдары. Борбор Азия ажолорунун кыздары кимге бүлө
Бүгүн Sputnik Кыргызстандын акыркы үч жылда такка отурган башчылардын түгөйлөрү менен тааныштырат.

Белгилей кетсек, макалада Казакстандын биринчи айымы менен Грузиянын президенти Саломе Зурабишвилинин жолдошу тууралуу маалымат болбойт. Себеби, Казакстандын президентинин өмүр баянында ал аялы Надежда Давыдовна Токаева менен ажырашканы көрсөтүлгөн. Ал эми Зурабишвилинин күйөөсү Жанри Кашия 2012-жылы көз жумган.

Украинанын президентинин жубайы Елена Зеленская

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүУкраинанын жаңы президенти Владимир Зеленский жубайы Елена менен
Айгүл Токоева менен Зироатхон Хошимованын артынан келгендер. КМШнын жаңы канайымдары - Sputnik Кыргызстан
Украинанын жаңы президенти Владимир Зеленский жубайы Елена менен

Украина жакында эле жаңы канайымдуу болду. Владимир Зеленскийдин жубайы Елена 1978-жылы Украинанын Кривой Рог шаарында жарык дүйнөгө келген. Кыз кезиндеги фамилиясы — Кияшко. Кесиби боюнча архитектор, бирок бул тармакта иштеген эмес. Көбүнесе теле жаатында жүрөт, "95 Квартал" деп аталган программанын автору. Кезегинде ал күйөөсү кошо ойногон КВНчилердин командасынын тексттерин жазып берип турган. Ал эми "Слуга народа" сериалындагы мугалим Голобородьконун образын Елена түзгөнү айтылып келет. Алгач күйөөсүнүн президенттик шайлоого катышуусуна так секирип каршы чыккан. Бирок иш олуттуу кадамга айлана баштаганда жубайын колдоп баштаган. Бир кыз, бир уулду тарбиялайт.

Армения президентинин жубайы Нунэ Саркисян

© Sputnik / Asatur YesayantsАрмения президентинин жубайы Нунэ Саркисян
Айгүл Токоева менен Зироатхон Хошимованын артынан келгендер. КМШнын жаңы канайымдары - Sputnik Кыргызстан
Армения президентинин жубайы Нунэ Саркисян

Нунэ айым искусство таануучу, жазуучу. Ереван мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Балдар үчүн орус, армян жана англис тилдеринде 20дан ашык китеп жазган. Нунэ Саркисяндын жомоктору чыгыш армян жана батыш армян тилдеринде басылып чыккан. Атургай "Таз кирпи" аттуу жомогу Ереван мамлекеттик театрында жана "Карапет" куурчак театрында сахналаштырылган.

Мындан тышкары биринчи леди классикалык музыка кечелерин жана көргөзмөлөрдү уюштуруу менен алектенет. Нунэ айым менен жолдошунун эки уулу бар.

Кыргызстандын президентинин жубайы Айгүл Токоева

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков канайымы Айгүл Токоева менен
Айгүл Токоева менен Зироатхон Хошимованын артынан келгендер. КМШнын жаңы канайымдары - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков канайымы Айгүл Токоева менен

Кыргызстандын азыркы канайымы Айгүл Токоева Кара-Кулжа районунун Биринчи Май айылында туулуп, өскөн. Расмий маалыматтарга таянсак, биринчи айым жолдошунан 10 жаш кичүү, 1968-жылы туулган. Бирок кээ бир маалыматта 1967-жылы деп да айтылып келет. Учурда ал үй кожойкеси. Мындан тышкары, айыл жана мал чарбачылыгы боюнча чакан ишкерлик кылары айтылган. Бир кыз, бир уулдун энеси.

Өзбекстандын президентинин жубайы Зироатхон Хошимова

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевӨзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Зироатхон Хошимова
Айгүл Токоева менен Зироатхон Хошимованын артынан келгендер. КМШнын жаңы канайымдары - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Зироатхон Хошимова

Көпчүлүктү сулуулугу, кийингени, өзүн алып жүрүүсү менен суктанткан биринчи айым Зироатхон Хошимова Фергана өрөөнүнүн Кокон шаарында төрөлүп, өскөн. Кесиби боюнча инженер-экономист. Ал Ташкенттеги Ирригация жана мелиорация институтунда окуган. Бирок учурда кесиби боюнча эч жерде иштебейт, үй кожойкеси. Зироатхон айым Шахноза жана Саида аттуу эки кызды жана Даврон аттуу уулду жарыкка алып келген. Кыздары турмушка чыккан. Айрым маалымат булактары күйөө балдарынын бири Мирзиёевдин жансакчысы экенин жазып жүрүшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0