00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Промышленная кооперация в ЕАЭС: в каких сферах может подключаться Кыргызстан?
08:05
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Окумуштуулар министрликке карагананы эрозияга учураган жерлерге көчүрүп, төө багууну сунушташты
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Почему родители отказываются от лечения онкобольных детей в КР - беседа с главой отделения
10:04
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
«Жооптуу бол!» акциясы: өлкөдө эркектерди жугуштуу эмес ооруларга акысыз текшерүү жүргүзүлүүдө
11:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
37 лет спустя: что объединяет кыргызстанцев, прошедших Афганскую войну
12:05
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бир кылымга чукул тарыхы бар окуу жай жана кадр даярдоодогу монополия. КММА тууралуу маек
13:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
ЕАЭС, ОДКБ, ШОС: что Кыргызстан получает от интеграции
14:05
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстан алгачкы ирет геопарктарды түзүүгө белсенүүдө. Долбоор тууралуу маек
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Тарыхтын көмүскөсүндө калган Ташбек датка
17:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Эми спорттук медицина өнүгөт — “Мүрөк” борбору качан ачылат?
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Как и куда жаловаться: права граждан и обязанности госорганов
20:07
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстан алгачкы ирет геопарктарды түзүүгө белсенүүдө. Долбоор тууралуу маек
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Кыргызстандын коргонуу жөндөмдүүлүгү акыркы жылдары кыйла чыңдалып, Куралдуу күчтөрдүн бюджети 2018-2019-жылдарга салыштырмалуу 300 пайыздан ашты. Мындай маалыматты министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Коргоо министрлигине автоунаа жана тиешелүү техникаларды тапшырып жатканда айтты.Өкмөт башчы каражат биринчи кезекте материалдык-техникалык базаны чыңдоого, армияны заманбап курал-жарак жана техника менен жабдууга, аскер бөлүктөрдүн, аскер шаарчаларынын, гарнизондордун инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталганын белгиледи.Ал аскер кызматкерлерин социалдык жактан коргоо чараларына токтолуп, кайсы аймакта кызмат кылбасын, тандаган жерден ипотекалык турак жай алууга мүмкүнчүлүк жараларын белгиледи.Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу Коргоо министрлигинин аскер кызматчыларына жакын арада бүтчү үйлөрдөн 900дөн ашык батир бериле турганы кошумчаланды.
Бишкекке кошулган конуштарды өнүктүрүүгө беш жылда 48,8 миллиард сом жумшалат. Бул тууралуу мэрия жарыялаган Административдик-аймактык реформа алкагында борбор калаага кошулган аймактарды өнүктүрүү боюнча 2026-2030-жылдарга карата иш-чаралар планынын долбоорунда айтылды. Каржылоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден, муниципалдык ишканалардын каражатынан, ошондой эле бюджеттен тышкаркы булактардан, анын ичинде эл аралык гранттардын эсебинен жүргүзүлөт. План социалдык объектилерди куруу жана реконструкциялоо, жол инфраструктурасын өнүктүрүү, инженердик тармактарды жакшыртуу, турак жай-коммуналдык чарба жана энергетика тармагын өнүктүрүүнү камтыйт. Анын ичинде билим берүү мекемелери үчүн 37 имарат курулуп, 80-100 чакырым жол салынары айтылды. Эске салсак, 2024-жылы Бишкектин административдик башкаруусуна 24 калктуу пунктуну камтыган сегиз айыл аймагы өткөрүлүп, шаардын аянты 41 миң гектарга чейин кеңейген.
агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова мектепке чейинки курактагы балдар үчүн билим берүүчү контентти даярдоого адистешкен D Billions компаниясынын өкүлү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандагы мектепке чейинки билим берүү тармагындагы кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын талкуулашты. Айрыкча мектепке чейинки билим берүү уюмдарында заманбап билим берүү материалдарын жана медиаресурстарды пайдалануу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Учурда катуу тиричилик калдыктарын утилдештирип, электр энергиясын өндүргөн завод Бишкек шаарындагы таштанды калдыктарын кабыл алуу менен иштеп жатат. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев “Кабар” агенттигине билдирди. Мэрдин айтымында, келечекте анын ишмердүүлүгүн кеңейтүү пландалууда. “Бул план ишке ашкан күндөн баштап завод Чүй облусунан да катуу тиричилик калдыктарын кабыл ала алат”, - деп белгиледи ал. Белгилей кетсек, заводдун жалпы аянты 12 гектарды түзөт. Таштандыларды утилдештирүү заводу биринчи этапта суткасына 1000 тонна таштандыны кайра иштете алары маалымдалган.
Жаңылыктар түрмөгү
0