Жээнбеков эки министрди иштен алды

Жазылуу
Эки аткаминер тең кызматтарынан өз ыктыяры менен кетишкен.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев менен экономика министри Олег Панкратовду кызматтарынан бошоткон эки Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 24-май күнү Мурашев менен Панкратов кызматтан кетүү боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин атына арыз жазып, себептерин түшүндүрүп беришкен.

Бир күндөн кийин эле "Бир Бол" фракциясы Мурашевдин ордуна 29 жаштагы фермер, ишкер Тилек Токтогазиевдин талапкерилигин сунуштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0