БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Экономика министри Олег Панкратов отставкага кетти. Бул тууралуу өзү Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.
"Арыз жаздым, президент, премьер жана депутаттар тарабынан көп сын айтылды. Андыктан кетүүнү чечтим", — деди ал.
Панкратов 2018-жылы 25-апрелде Жогорку Кеңеште ант берип, кызматка киришкен.
Бүгүн, 24-майда, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев да кызматтан кетти.