Транспорт министри Калилов кармалган орун басары тууралуу үн катты

© Sputnik / Табылды КадырбековТранспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов. Архив
Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган Азимкан Жусубалиев чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн 520 миң доллар пара алууга макулдашканы айтылат.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов кармалган орун басары тууралуу комментарий берди.

Белгилей кетсек, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы министрдин орун басарын 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармаган. Ал чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн 520 миң доллар пара алууга макулдашканы айтылат. Буга чейин 120 миң долларын алган, калганы кийинки жумада колуна тиймек.

Калилов орун басары Азимкан Жусубалиевдин кармалганын бүгүн эртең менен жумушка келип укканын айтат. Бул кабар күтүүсүз болуп, таң калып жатканын билдирди.

"Эмне болгонун мен деле билбейм, айран-таң болуп эле отурабыз. Эпкин-Дыйкан (Башкууганды) аймагына жол куруу боюнча эл аралык тендер өткөрүлгөн. Жусубалиев тендердик комиссиянын төрагасы эле. "Бүт баары мыйзамдуу болду" деп подрядчы жумушун баштады. Ал жерге 67 чакырым жол курулмак. Эми тендер бир адамга байланыштуу эмес да. Анын мүчөлөрү көп, ал жерде Коомдук көзөмөлдөө кеңеши, Экономика министрлигинен, Каржы министрлигинен, УКМКдан өкүлдөр бар. Кээде депутаттар кошулуп калат. Анан кандай болгону бизге да бүдөмүк", — деди министр.

Ал кармалган орун басары кагазга тың болгону менен мүнөзү жумшак экенин, ошонун айынан көп эскертүү алганын белгиледи.

Кыргызстандын Бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Адамкул Жунусов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Финпол: Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов Бакудан кармалды
"Жакшы иштечү, мага өкмөттөн келген. Илгертен ал аппараттарда, президенттин администрациясында иштеп жүргөн. Жумушуна так эле болчу. Ар адамдын кемчилиги болот да, анын бир аз жумшактыгы бар эле. Аппараттык жыйындарда көп эскертүү алчу. Оңдо, кара деп айтчумун. Ушул дүйшөмбү күнү эле көп жерлерди түзүк эптей албай жатасыңар дегем", — деп сыпаттады Калилов.

Ошондой эле ал Транспорт министрлигин айланасындагы коррупциялык иштер эми-эми азайып баратканда мындай нерсенин чыкканы жаман абалга кептегенин белгиледи.

Мындан сырткары, Калилов учурда коррупциянын себептерин издеп, ага эмне түрткү болуп жатат деген программа түзүп, аны жоюу боюнча иштеп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0