Сапар Исаков дайындаган акыркы кадры отставкага кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековПредседатель Госкомитета промышленности, энергетики и недропользования КР Уланбек Рыскулов
Председатель Госкомитета промышленности, энергетики и недропользования КР Уланбек Рыскулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул азыркы министрлер кабинетинин үчүнчү "жоготуусу". Августта аппарат жетекчиси Мурат Мукамбетов менен Юстиция министри Айнур Абдылдаева иштен кеткен.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов кызматтан бошотулду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Офис кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамкызматкерлердин санын 70%га кыскартууга болот. Эксперттер ой калчайт
Билдирүүдө анын өз каалоосу менен иштен кеткендиги айтылат. Аткаминер аталган кызматта бир жылдан ашуун иштеди, тагыраагы төрагалыкка 2017-жылдын август айында дайындалган. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков дайындаган кадрлардын бири болгон.

Августта аппарат жетекчиси Мурат Мукамбетов менен Юстиция министри Айнур Абдылдаева да иштен кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0