БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов кызматтан бошотулду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүдө анын өз каалоосу менен иштен кеткендиги айтылат. Аткаминер аталган кызматта бир жылдан ашуун иштеди, тагыраагы төрагалыкка 2017-жылдын август айында дайындалган. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков дайындаган кадрлардын бири болгон.
Августта аппарат жетекчиси Мурат Мукамбетов менен Юстиция министри Айнур Абдылдаева да иштен кеткен.