Премьер Абылгазиев Жалал-Абадды кыдырат

Жазылуу
Өкмөт башчы Токтогул жана Камбар-Ата-2 ГЭСтерин калыбына келтирүү иштерин көрүп, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай жана Үч-Коргон гидроэлектрстанцияларына барат.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 4-август күнү Жалал-Абад облусуна жумушчу сапары менен бара турганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жок дегенде кагаз кармап алсаңыз боло! Премьер Талас облусунун жетекчисин тилдеди
Сапардын жүрүшүндө өкмөт башчы Токтогул жана Камбар-Ата 2 ГЭСтерин калыбына келтирүү иштерин көрүп, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай жана Үч-Коргон гидроэлектрстанцияларына барат.

Маалыматта премьердин жергиликтүү дыйкандар менен жолугушуп, Рысбеков атындагы оорукананын медициналык кызматкерлери үчүн салынып, учурда куруу иштери токтоп турган турак үйдүн абалы менен таанышары айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0