БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 4-август күнү Жалал-Абад облусуна жумушчу сапары менен бара турганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Сапардын жүрүшүндө өкмөт башчы Токтогул жана Камбар-Ата 2 ГЭСтерин калыбына келтирүү иштерин көрүп, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай жана Үч-Коргон гидроэлектрстанцияларына барат.
Маалыматта премьердин жергиликтүү дыйкандар менен жолугушуп, Рысбеков атындагы оорукананын медициналык кызматкерлери үчүн салынып, учурда куруу иштери токтоп турган турак үйдүн абалы менен таанышары айтылды.