БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. 13-июль күнү Бишкек шаардык кеңеши чукул жыйынга чогула турганын калаа парламентинин маалымат кызматы билдирди.
Шаардык кеңеш буга Бишкекте түзүлгөн кырдаал себеп экенин айтып, жагдайдын чоо-жайын маалымдаган жок. Күн тартиби да белгисиз. Анткени каралчу маселелердин тизмеси жыйын учурунда такталып бекитилет.