Президент Жээнбеков биринчи Жарлыгы кандай болорун айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков инаугурация учурунда
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков инаугурация учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жээнбековдун инаугурациясы өтүп жатат

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков кызматына киришип жатып биринчи Жарлыгы менен экс —президент Алмазбек Атамбаевге "Ак Шумкар" өзгөчө белгисиндеги "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамын ыйгара турганын айтты.

Учурда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жээнбековдун инаугурациясы өтүп жатат.

"Алмазбек Шаршенович, сиз баштаган кыргыз көчү жолун улайт. Мен сизге кыргыз элинин атынан, өзүмдүн атыман ыраазычылык билдирем. Биринчи Жарлыгым сизге "Ак шумкар" төш белгисин ыйгаруу тууралуу болот деп үмүттөнөм", — деди Жээнбеков.

Салтанат уланууда>>

Жаңылыктар түрмөгү
0