00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
08:05
47 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
12:05
47 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
2026-жылы Салык кызматы санариптештирүүгө басым жайсат – ишкерлерди текшерүү токтойбу?
13:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
От проконсула до Homo sapiens: как появился человек- беседа о социуме
14:05
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда эмне себептен микрофинансылык компаниялар жабылып жатат?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Блины, песни и конные игры: как в Кыргызстане отмечают Масленицу
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Тагдыры татаал болсо да талыкпай эмгектенген Сонунбү Кадырова
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Регулировать рынок или конкуренцию: разбираемся в инициативе Минэкономики
18:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Кышында тоодо эс алуу маданияты калыптана элекпи — коопсуздук эрежелери, жаракаттар
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Как правильно жаловаться государству и не тратить время впустую - разговор с юристом
20:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда эмне себептен микрофинансылык компаниялар жабылып жатат?
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Карыпбеков 39 чиновник парламентте отуруп бюджеттин 13 миң сомун сарптаганын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековКТРКнын жетекчиси Илим Карыпбековдун архивдик сүрөтү
КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илим Карыпбеков 39 адам парламенттин кооз имаратында жөн гана отуруп бергенин өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу айтып берди

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Бүгүн Жогорку Кеңеште социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча жыйын болуп өттү.

КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков дагы жыйынга катышкан. Ал өзүнүн Facebook баракчасына эки сааттык жыйын учурунда мамлекеттик бюджет жок дегенде 13 миң сом жоготконун жазды. 

"2016-жылдагы бюджеттин аткарылышы боюнча маселе каралды. КТРКдан мен жана финансылык директор чакырылган. Парламентке барганда 42 мамлекеттик чиновник келгенин байкадым. Жыйын саат 14.00дө башталды. Биздин маселе биринчи каралып, эки саат талкууланды", — деди КТРК жетекчиси.

Анын айтымында, эки сааттын ичинде сегизге жакын депутат бирден экиден суроо узаткан. Сындын көбү саламаттык сактоо, финансы жана билим берүү министрлерине багытталган. Тагыраагы, келген 42 чиновниктин ичинен үчөө гана жыйынга керектүү адам болгон.

"Бул эки саатты ЖКнын комитетинин депутаттары жана 3 чиновник пайдалуу өткөрдү. Калган 39у, анын ичинде мен дагы бармын, көрүүчү болуп отурдук", — деди Карыпбеков.

КТРК телеканалынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
КТРК шайлоо учурунда дээрлик 47,5 миллион сом тапкан
КТРК жетекчиси иш-чаранын болжолдуу бюджетин өзүнүн кирешесине таянып эсептеген. Анын эки сааттык иши (кошумча каражатты кошпогондо) 350 сомду түзөт.

"Калган 38 чиновник дагы ушунча алат деп эсептеп көрөлү. Аны 39га көбөйтсөк 13 миң 650 сом болот. Натыйжада эки саат ичинде мамлекеттин бюджети эң аз дегенде 13 миң сомду жоготту. Эң аз дегенде көптөгөн мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт койду, себеби чечим чыгарган адамдар убактыларын жыйындарда өткөрүп жатышат. Ал эми кабылдамада буларды күтүп отургандар канчалаган нервин кетиришүүдө", — деди Илим Карыпбеков.

Ал ошондой эле эч кимди сындагысы келбегенин, болгону иш-чараны керектүү адамдар менен өткөрүү керектигин белгилегиси келгенин жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0