БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Президенттикке талапкердигин койгон Өмүрбек Бабанов бийликти эч качан басып албай турганын маалымат жыйын учурунда билдирди.
Ал өзүнүн тарапташтарын провокацияга алдырбоого чакырды.
"Менин бийликти басып алуу ниетим болгон эмес, болбойт дагы. Жеңишке мыйзамдуу негизде жетүүнү көздөйм. Келечекте жеңишке жетээриме ишенем", — деди Бабанов.
Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматы боюнча шайлоочулардын 54,75 пайыз добушуна ээ болгон Сооронбай Жээнбеков алдыда келе жатат. Ал эми Өмүрбек Бабанов 33,8 пайыз добуш алып, экинчи сапка чыкты.
Буга чейин Өмүрбек Бабановдун штабы шайлоонун жыйынтыгы анализден өтүп жатканын маалымдаган.
Шайлоонун улам жаңыланып турган жыйынтыгы менен Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган интерактивдүү инфографикадан тааныша аласыз>>