Өкмөттү убактылуу башкара турган Абулгазиев ишти эмнеден баштарын айтты

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевИсполняющий обязанности премьер-министра КР Мухамметкалый Абулгазиев
Исполняющий обязанности премьер-министра КР Мухамметкалый Абулгазиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атка минер өкмөт аппаратынын бөлүм башчылары менен жолугуп, аларга буга чейин белгиленген планды сапаттуу аткарууну тапшырды

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Премьердин милдетин убактылуу аткарып жаткан Мухамметкалый Абулгазиев өкмөт мүчөлөрүн чогултуп, анын иши үзгүлтүккө учурабашы керектигин айтты.

Абулгазиев негизги басымды эң маанилүү иштерге жасап, эң биринчи кезекте жаңы окуу жылына жана 2017-2018-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү керектигин айтты.

Андан сырткары, жаратылыш кырсыктарынан жабыркаган аймактагы социалдык объектилерди маалында бүтүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

"Өкмөттүн бардык мүчөлөрү жаңы курам бекигинге чейин өз кызматынын милдетин аткаруучу болуп турат. Мурдагы калыбыңардан жазбай, коюлган иштерди аткаруу керек", — деди ал.

Абулгазиев, андан сырткары, өкмөт аппаратынын бөлүм башчылары менен жолугуп, аларга буга чейин белгиленген планды сапаттуу аткарууну тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0