Текебаевдин сотунда экс-президент Отунбаева көрсөтмө берүүдө

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүМурдагы президент Роза Отунбаеванын архивдик сүрөтү
Мурдагы президент Роза Отунбаеванын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Отунбаева өз көрсөтмөлөрүндө ошол учурда өлкөдөгү абал оор болгондуктан ошол кездеги аткаминерлердин бардыгы тыным албай иштегендигин айтты.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Борбор калаадагы Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге карата козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму өтүп, анда мурдагы президент Роза Отунбаева көрсөтмө берүүдө.

Отунбаева өз көрсөтмөлөрүндө ошол учурда өлкөдөгү абал оор болгондуктан ошол кездеги аткаминерлердин бардыгы тыным албай иштегендигин айтты.

"Биз бир үй-бүлөдөй болуп эле иштеп жаттык. Абал курч эле,  эч ким иш ордун таштап кете албайт да болучу. Мен бардыгына жетишпейт элем да. Андыктан ар бир маселе боюнча менин жардамчыларым бар болчу. Алардын ичинде азыркы президент Алмазбек Атамбаев да мамлекеттик мүлк маселелери боюнча жооптуу эле. Эгерде мүлк боюнча сурооңор болсо Атамбаевден да сурагыла да", — деди ал.

Пресс-конференция президента КР Алмазбека Атамбаева по итогам 2016 года - Sputnik Кыргызстан
Текебаевдин жактоочулары сотко Атамбаевди күбө катары чакыруу талабын койду
Белгилей кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана башка адамдарга карата КР Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) жана 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттарында (алдамчылык) камтылган белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүп берилген.

Козголгон кылмыш иштин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0