20:47 21 Аяк оона 2018
Түз эфир
  • USD68.8080
  • EUR81.1487
  • RUB1.0386
Сүрөт

Аалам аралап кеткен Көчмөндөр оюндары. Иш-чарадан мыкты 10 сүрөт

Кыскача шилтеме алуу
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары (211)
118811
  • Көчмөндөр оюндарынын ачылышы таасирдүү болду. Ал эми жабылуу салтанаты андан да ашып түшүп, түстүү фейерверк менен жыйынтыкталды.
  • Оюндардын ачылыш салтанатында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөп, мейман болуп Казакстан, Түркия жана Татарстандан келген кесиптештерине ыраазычылык билдирди
  • Кийинки күнү Кырчын этношаарчасы ачылып, көчмөн элдин турмушун чагылдырган оюн-зоок болду
  • Актерлордун койгон оюну көрөрмандардын көзүн кубантып, жаракат алган жок болду бекен деп бушайманга салды
  • Кырчындагы унаа токтотуучу жай. Камерага түшпөй калган унаа канча дейсиз...
  • Улуттук колорит заманбап заман менен камыр-жумур болуп кеткенде
  • Венгриядан келген жаачы кыз өнөрүн тартуулап жатат
  • Көптөн күткөн көк бөрү. Финалда Кыргызстан менен Өзбекстандын улакчылары беттешип, алдыга чыккан улуттук команда элге кызыктуу оюн куруп берди. Сүрөттө улакчы Манас Ниязов
  • Көчмөндөр оюндарында биринчи жолу сумочулар күч сынашты. Кыргызстандык Алмаз Эргешов Өзбекстан менен Индиядан келген балбандарды жеңип, эки россиялык спортчудан утулуп калды. Натыйжада 5-орун
  • Оюндардын жабылуу аземи шаңдуу өттү. Дүйнөлүк хиттерге бийлөө үчүн аянтчага жүздөгөн киши чыкты.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Көчмөндөр оюндарынын ачылышы таасирдүү болду. Ал эми жабылуу салтанаты андан да ашып түшүп, түстүү фейерверк менен жыйынтыкталды.

Көчмөндөр оюндары Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөтчүсүнүн көзү менен дал ушундай болду.

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынан биз абдан көп сүрөт алып келдик да алардын мыктыларын тандап алдык. Сүрөттөр Чолпон-Атадагы ипподромдо, Кырчын жайлоосунда жана оюндар өткөн бардык жайлардан тартылган.

Оюндар Ысык-Көлдө 2-8-сентябрь күндөрү өттү. Ага 303 миллион сом жумшалып, байге фондусуна 28 миллион сом каралган. Программага спорттун 37 түрү кирген.

Тема:
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары (211)

Тема боюнча

Аалы акын Көчмөндөр оюнунан эки тулпар минип кайтты. Тартуунун чоо-жайы
Жээнбеков Көчмөндөр оюндарына байланыштуу билдирүү жасады
Келсеңиз жыргамаксыз! Көчмөндөр оюну элдин шаңданган бийи менен аяктады
Белгилер:
Сүрөт, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
Колдонуу эрежелериПикирлер

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ