Чоң эне жана селфи. "Өлбөс полк" акциясы учурундагы мыкты көз ирмемдер

Жазылуу
Уюштуруучулардын эсептөөсүнө караганда, "Өлбөс полк" акциясына 50 миңге чукул адам катышкан.

Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ардагерлердин сүрөттөрүн колдоруна көтөрүп алып кичине балдардан тарта, улан-кыз, чоң ата, чоң энелерге чейин калаанын негизги көчөлөрүндө жүрүшкө чыгышты.

Суудай агылган урпактар. Бишкектеги Өлбөс полк акциясынын асмандан көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
Суудай агылган урпактар. Бишкектеги "Өлбөс полк" акциясынын асмандан көрүнүшү
Акция шаардын түштүк жагында жайгашкан Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталып, Абдрахманов көчөсүнөн (Байтик баатыр проспектиси) жүрүп отуруп, Фрунзе көчөсүнөн өтүп Жеңиш аянтына токтошкон.

Узундугу эки чакырымга жеткен жүрүштүн катышуучуларын кол чабуулар жана жакшы маанай менен тосуп алынды.

"Өлбөс полк" — 9-майга карата жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык ири акция. Массалык жүрүштө согушта курман болгондордун жакындары алардын сүрөттөрүн көтөрүп өтөт.

Бул акция бүгүн Кыргызстандын бир канча облустарында жана шаарларында да өттү.

Кыргызстандын булуң-бурчунда Жеңиш майрамы кантип белгиленип жатканын Sputnik агенттиги даярдаган материалдан окуңуздар>>

© Sputnik / Табылды КадырбековӨлкөдөгү ири акциялардын бири болгон "Өлбөс полк" жүрүшүнө карата даярдык Бишкекте таң аткандан тарта көрүлө баштаган
Өлкөдөгү ири акциялардын бири болгон Өлбөс полк жүрүшүнө карата даярдык Бишкекте таң аткандан тарта көрүлө баштаган - Sputnik Кыргызстан
1/19
Өлкөдөгү ири акциялардын бири болгон "Өлбөс полк" жүрүшүнө карата даярдык Бишкекте таң аткандан тарта көрүлө баштаган
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандыктар жаш-карысына карабай эртең мененки саат 8:00дө согушка катышкан чоң ата, чоң энелердин сүрөттөрүн көтөрүп алып топко кошулуп жатышты
Кыргызстандыктар жаш-карысына карабай эртең мененки саат 8:00дө согушка катышкан чоң ата, чоң энелердин сүрөттөрүн көтөрүп алып топко кошулуп жатышты - Sputnik Кыргызстан
2/19
Кыргызстандыктар жаш-карысына карабай эртең мененки саат 8:00дө согушка катышкан чоң ата, чоң энелердин сүрөттөрүн көтөрүп алып топко кошулуп жатышты
© Sputnik / Табылды КадырбековБул портреттеги адамдар сиздин, менин, баарыбыздын бейпил турмушубуз үчүн от кечип, кан-жанын берген биздин улуу муундар. Бишкектин көчөлөрүндө көптөн бери мынчалык адам чогула элек болучу
Бул портреттеги адамдар сиздин, менин, баарыбыздын бейпил турмушубуз үчүн от кечип, кан-жанын берген биздин улуу муундар. Бишкектин көчөлөрүндө көптөн бери мынчалык адам чогула элек болучу - Sputnik Кыргызстан
3/19
Бул портреттеги адамдар сиздин, менин, баарыбыздын бейпил турмушубуз үчүн от кечип, кан-жанын берген биздин улуу муундар. Бишкектин көчөлөрүндө көптөн бери мынчалык адам чогула элек болучу
© Sputnik / Табылды КадырбековЖакын адамынын сүрөтүн көтөрүп чыккан чоң эне
Жакын адамынын сүрөтүн көтөрүп чыккан чоң эне - Sputnik Кыргызстан
4/19
Жакын адамынын сүрөтүн көтөрүп чыккан чоң эне
© Sputnik / Табылды КадырбековХайруллин аттуу аскердин урпактары... Портретте гүлгүндөй жаш кези экен...
Хайруллин аттуу аскердин урпактары... Портретте гүлгүндөй жаш кези экен... - Sputnik Кыргызстан
5/19
Хайруллин аттуу аскердин урпактары... Портретте гүлгүндөй жаш кези экен...
© Sputnik / Табылды КадырбековОрусу, кыргызы, татары, айтор баарынын башын бириктирген согуш... Алардын урпактары азыр да ийиндеше келе жатышат. Эми согуштун жаңырыгын да укпайлы...
Орусу, кыргызы, татары, айтор баарынын башын бириктирген согуш... Алардын урпактары азыр да ийиндеше келе жатышат - Sputnik Кыргызстан
6/19
Орусу, кыргызы, татары, айтор баарынын башын бириктирген согуш... Алардын урпактары азыр да ийиндеше келе жатышат. Эми согуштун жаңырыгын да укпайлы...
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Өлбөс полктун" катышуучулары өздөрү да да чоң ата, эне болуп калышкан чагы... Кийинки муундар мындан ары ушинтип эскере бермекчи
Өлбөс полктун катышуучулары өздөрү да да чоң ата, эне болуп калышкан чагы... Кийинки муундар мындан ары ушинтип эскере бермекчи - Sputnik Кыргызстан
7/19
"Өлбөс полктун" катышуучулары өздөрү да да чоң ата, эне болуп калышкан чагы... Кийинки муундар мындан ары ушинтип эскере бермекчи
© Sputnik / Табылды КадырбековМайрамдык маанай, жүзүндөгү жылмаюу менен "Өлбөс полктун" катышуучулары шаардын борбордук көчөсүнөн ылдый түшүп келе жатышты.Жүрүштүн узундугу 2,2 чакырымды түздү
Майрамдык маанай, жүзүндөгү жылмаюу менен Өлбөс полктун катышуучулары шаардын борбордук көчөсүнөн ылдый түшүп келе жатышты.Жүрүштүн узундугу 2,2 чакырымды түздү - Sputnik Кыргызстан
8/19
Майрамдык маанай, жүзүндөгү жылмаюу менен "Өлбөс полктун" катышуучулары шаардын борбордук көчөсүнөн ылдый түшүп келе жатышты.Жүрүштүн узундугу 2,2 чакырымды түздү
© Sputnik / Табылды КадырбековСаргайган сүрөт, муңайым көз караш, жанга жай бербеген сагыныч...
Саргайган сүрөт, муңайым көз караш, жанга жай бербеген сагыныч... - Sputnik Кыргызстан
9/19
Саргайган сүрөт, муңайым көз караш, жанга жай бербеген сагыныч...
© Sputnik / Табылды КадырбековКөп жашагылачы, кадырман карылар! Бирок согуш жылдарындагы оор күндөр көз алдында түбөлүк сакталып кала берсе керек
Көп жашагылачы, кадырман карылар! Бирок согуш жылдарындагы оор күндөр көз алдында түбөлүк сакталып кала берсе керек - Sputnik Кыргызстан
10/19
Көп жашагылачы, кадырман карылар! Бирок согуш жылдарындагы оор күндөр көз алдында түбөлүк сакталып кала берсе керек
© Sputnik / Табылды КадырбековБул аксакал согуш деген кандай апаат экенин жакшы билет
Бул аксакал согуш деген кандай апаат экенин жакшы билет - Sputnik Кыргызстан
11/19
Бул аксакал согуш деген кандай апаат экенин жакшы билет
© Sputnik / Табылды КадырбековАкциянын катышуучуларынын көпчүлүк бөлүгү чогулгандан кийин алдыңкы катардагы аскердик унааларга ардагерлер отуруп жүрүш башталды
Акциянын катышуучуларынын көпчүлүк бөлүгү чогулгандан кийин алдыңкы катардагы аскердик унааларга ардагерлер отуруп жүрүш башталды - Sputnik Кыргызстан
12/19
Акциянын катышуучуларынын көпчүлүк бөлүгү чогулгандан кийин алдыңкы катардагы аскердик унааларга ардагерлер отуруп жүрүш башталды
© Sputnik / Табылды КадырбековКРдин Эмгек сиңирген артисти Галина Кетова "Өлбөс полк" акциясынын алдыңкы катарында жүрдү
КРдин Эмгек сиңирген артисти Галина Кетова Өлбөс полк акциясынын алдыңкы катарында жүрдү - Sputnik Кыргызстан
13/19
КРдин Эмгек сиңирген артисти Галина Кетова "Өлбөс полк" акциясынын алдыңкы катарында жүрдү
© Sputnik / Табылды КадырбековМойтойгон бөбөк, улуу муундардын эскерүү сага аманат!
Мойтойгон бөбөк, улуу муундардын эскерүү сага аманат! - Sputnik Кыргызстан
14/19
Мойтойгон бөбөк, улуу муундардын эскерүү сага аманат!
© Sputnik / Табылды КадырбековАскер формачан кыздар "Өлбөс полк" акциясында. Балким, "Катюшаны" созуп жатышкандыр
Аскер формачан кыздар Өлбөс полк акциясында. Балким, Катюшаны созуп жатышкандыр - Sputnik Кыргызстан
15/19
Аскер формачан кыздар "Өлбөс полк" акциясында. Балким, "Катюшаны" созуп жатышкандыр
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Өлбөс полктун" жолунда жайгашкан үйлөрдөгү жарандар кооздолгон балкондорунан кол булгалап жатышты
Өлбөс полктун жолунда жайгашкан үйлөрдөгү жарандар кооздолгон балкондорунан кол булгалап жатышты - Sputnik Кыргызстан
16/19
"Өлбөс полктун" жолунда жайгашкан үйлөрдөгү жарандар кооздолгон балкондорунан кол булгалап жатышты
© Sputnik / Акылбек БатырбековКыргызстан. Бишкек. 9-май. Улуу Жеңиштин 72 жылдыгындагы "Өлбөс полк" жөө жүрүшү. Ага 50 миңге чукул адам катышты
Кыргызстан. Бишкек. 9-май. Улуу Жеңиштин 72 жылдыгындагы Өлбөс полк жөө жүрүшү. Ага 50 миңге чукул адам катышты - Sputnik Кыргызстан
17/19
Кыргызстан. Бишкек. 9-май. Улуу Жеңиштин 72 жылдыгындагы "Өлбөс полк" жөө жүрүшү. Ага 50 миңге чукул адам катышты
© Sputnik / Табылды КадырбековСогуш талаасында аскерлердин жараатын таңып, жанын аман алып калган "медсестра" деген кесиптин ээсинин образы. Бул сүрөттө заманбап медайым турат
Согуш талаасында аскерлердин жараатын таңып, жанын аман алып калган медсестра деген кесиптин ээсинин образы. Бул сүрөттө заманбап медайым турат - Sputnik Кыргызстан
18/19
Согуш талаасында аскерлердин жараатын таңып, жанын аман алып калган "медсестра" деген кесиптин ээсинин образы. Бул сүрөттө заманбап медайым турат
© Sputnik / Табылды КадырбековАр бир адам эсте калаарлык көз ирмемди сүрөткө түшүрүп калууга аракет кылып жатты
Ар бир адам эсте калаарлык көз ирмемди сүрөткө түшүрүп калууга аракет кылып жатты - Sputnik Кыргызстан
19/19
Ар бир адам эсте калаарлык көз ирмемди сүрөткө түшүрүп калууга аракет кылып жатты
Жаңылыктар түрмөгү
0