06:54 22 Бирдин айы 2018
Түз эфир
Сүрөт

Апта ирмеми: жылаңач чуркагандар, "өбүшкөн" Трамп менен Ким Чен Ын

Кыскача шилтеме алуу
215020
  • Сербиянын борбору Белградда ич кийимчен чуркашты. Кишилер ушундай жол менен иммунитетин жогорулатууну каалашкан
  • Улуу Британиянын канышасы Елизавета II Чыгыш Англиядагы Сейнсбери көркөм сүрөт борборундагы көргөзмөгө келди. Көргөзмө Фуджи аралдарында жашаган элдин маданиятына арналган
  • Колумбияда букалардын урушуна каршы чыккандардын аракети мушташ менен аяктады. Алар полицияга карата таш ыргытканда укук коргоо органдары көздөн жаш агызуучу газ колдонгон
  • Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Манас аэропортуна жакын жердеги Дача айылына кулаган учактан каза болгондор менен жабыркагандардын жакындары менен жолукту. Каза болгондорго багыштап өлкө башчысы өзү куран окуду
  • Мексикадагы Колима жанар тоосунун атылышы. Андан чыккан чаң төрт чакырым бийиктикке көтөрүлдү
  • Россиянын президенти Владимир Путин Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин студенттери менен жолукту. Президент ырдын сөзүн унутуп калган студент менен чогуу ырдады
  • Швейцариялык теннисчи Роджер Федерер Австралиянын ачык чемпионатын бешинчи жолу утуп алды. Финалдык беттеште Федерер испаниялык Рафаэль Надал менен беттешип, оюн 3 саат 37 мүнөткө созулду
  • Россияда эң мыкты гримерди тандашты. Алар калыстарга жомоктун жана кинодогу каармандардын образдарын сунушташкан
  • Красноярск зоопаркындагы ак аюу. Ал АКШнын учурдагы президенти болот деп Дональд Трамптын элеси түшүрүлгөн ашкабакты тандаган
  • Аалам сулуусу конкурсу Филиппинде өтүүдө. Ага катышуу үчүн дүйнөнүн чар тарабынан 86 сулуу келген. Анда Франциядан келген Ирис Миттенэр жеңүүчү болду
  • Индиядагы жылан машыктыруучу. Бул кесип сейрек кездешет. Алар башында кишини чакпаган жыландар менен машыгып, кийин уулуу жыландарды да көндүрүшөт
  • Бангкок шаарында тоок жылы алдында төрөлгөн ымыркайларга жөжөнүн кийимдерин кийгизишти. Ай календары боюнча жаңы жыл 28-январдан тарта башталды
  • Кытай жаңы жылын португалиялыктар бий менен белгилешти. Борбор калаа Лиссабонго чогулган эл
  • Дүйнө жүзү боюнча Холокосто кырсыгынын курмандыктарын эстешти. Улуу Британиядагы Йорк чиркөөсүндө алардын урматына шам жагылды
  • Жер ортолук деңизинен кайыкта табылган мигранттар куткарылгандан кийин. Алар кеменин ичинде уктап жатышат
  • Сомалинин борбору Могадишо шаарында террорчулар Dayah мейманканасына кол салышты. Анын кесепетинен 23 киши каза болуп, 43 киши түрдүү жаракаттарды алган
  • Сириядагы согуш башталгандан бери төрт жылдан кийин поезд биринчи жолу Алеппо шаарын аралап өттү
  • Чилиде токой өрттөнүп 11 кишинин өмүрүн алды. Андан сырткары 500 миң гектардагы токой жана талаалар күйгөн. Өрттүн чыгышына кургакчылык дагы негиз болгон
  • Япондор аялдарына болгон сүйүүсүн Aisai майрамынын алкагында билдиришти. Токиодогу парктардын бири
  • Гонконгдо АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын окшоштору жолукту. Трамп шайлоо кампаниясы учурунда Ким Чен Ын менен жолугуу маселе жаратпастыгын айткан
© AFP 2018 / ANDREJ ISAKOVIC
Сербиянын борбору Белградда ич кийимчен чуркашты. Кишилер ушундай жол менен иммунитетин жогорулатууну каалашкан

Sputnik Кыргызстан өткөн жумада дүйнө жүзүндө болуп өткөн кызыктуу окуялардын сүрөт түрмөгүн сунуштайт.

Манила шаарында "Дүйнө сулуусу" сулуулук сынагы өттү.

Алмазбек Атамбаев Дача айылына кулаган учактан каза болгондор менен жабыркагандардын жакындары менен жолукту. Гонконгдо АКШ президенти менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын окшоштору жолукту.

Тема боюнча

Борбор калаадагы көрктүү, көзгө басар имараттар
Атамбаев кырсык курмандыктарына куран окуп, артында калган балдардын башын сылады
150 жыл мурда жашаган кыргыздар. АКШлык изилдөөчүнүн сүрөттөрү
Белгилер:
авиакырсык, Өрт, конкурс, Алмазбек Атамбаев, Түндүк Корея, Япония
Колдонуу эрежелериПикирлер

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ