https://sputnik.kg/20170130/apta-irmemi-zhylanach-churkagandar-1031511068.html
Апта ирмеми: жылаңач чуркагандар, "өбүшкөн" Трамп менен Ким Чен Ын
Апта ирмеми: жылаңач чуркагандар, "өбүшкөн" Трамп менен Ким Чен Ын
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан өткөн жумада дүйнө жүзүндө болуп өткөн кызыктуу окуялардын сүрөт түрмөгүн сунуштайт. 30.01.2017, Sputnik Кыргызстан
2017-01-30T13:18+0600
2017-01-30T13:18+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/103150/37/1031503764_0:0:4500:2544_1920x0_80_0_0_fb7b3f35cab7cd3107dc9a51d05e1000.jpg
япония
түндүк корея
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2017
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103150/37/1031503764_0:0:4500:2828_1920x0_80_0_0_c2cf7429bc40b3e3046dd3e42fe229cf.jpg Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
окуялар, маданият, мультимедиа, дүйнөдө, коом, сүрөт, жаңылыктар, япония, түндүк корея, алмазбек атамбаев
окуялар, маданият, мультимедиа, дүйнөдө, коом, сүрөт, жаңылыктар, япония, түндүк корея, алмазбек атамбаев
Апта ирмеми: жылаңач чуркагандар, "өбүшкөн" Трамп менен Ким Чен Ын 13:18 30.01.2017 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021 )
Sputnik Кыргызстан өткөн жумада дүйнө жүзүндө болуп өткөн кызыктуу окуялардын сүрөт түрмөгүн сунуштайт.
Манила шаарында "Дүйнө сулуусу" сулуулук сынагы өттү .
Алмазбек Атамбаев Дача айылына кулаган учактан каза болгондор менен жабыркагандардын жакындары менен жолукту . Гонконгдо АКШ президенти менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын окшоштору жолукту.
© AFP / ANDREJ ISAKOVIC Сербиянын борбору Белградда ич кийимчен чуркашты. Кишилер ушундай жол менен иммунитетин жогорулатууну каалашкан Сербиянын борбору Белградда ич кийимчен чуркашты. Кишилер ушундай жол менен иммунитетин жогорулатууну каалашкан
© REUTERS / Toby Melville Улуу Британиянын канышасы Елизавета II Чыгыш Англиядагы Сейнсбери көркөм сүрөт борборундагы көргөзмөгө келди. Көргөзмө Фуджи аралдарында жашаган элдин маданиятына арналган Улуу Британиянын канышасы Елизавета II Чыгыш Англиядагы Сейнсбери көркөм сүрөт борборундагы көргөзмөгө келди. Көргөзмө Фуджи аралдарында жашаган элдин маданиятына арналган
© AP Photo / Fernando Vergara Колумбияда букалардын урушуна каршы чыккандардын аракети мушташ менен аяктады. Алар полицияга карата таш ыргытканда укук коргоо органдары көздөн жаш агызуучу газ колдонгон Колумбияда букалардын урушуна каршы чыккандардын аракети мушташ менен аяктады. Алар полицияга карата таш ыргытканда укук коргоо органдары көздөн жаш агызуучу газ колдонгон
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача айылына кулаган учактан каза болгондор менен жабыркагандардын жакындары менен жолукту. Каза болгондорго багыштап өлкө башчысы өзү куран окуду Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача айылына кулаган учактан каза болгондор менен жабыркагандардын жакындары менен жолукту. Каза болгондорго багыштап өлкө башчысы өзү куран окуду
© AFP / Hector Guerrero Мексикадагы Колима жанар тоосунун атылышы. Андан чыккан чаң төрт чакырым бийиктикке көтөрүлдү Мексикадагы Колима жанар тоосунун атылышы. Андан чыккан чаң төрт чакырым бийиктикке көтөрүлдү
© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүү Россиянын президенти Владимир Путин Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин студенттери менен жолукту. Президент ырдын сөзүн унутуп калган студент менен чогуу ырдады Россиянын президенти Владимир Путин Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин студенттери менен жолукту. Президент ырдын сөзүн унутуп калган студент менен чогуу ырдады
© REUTERS / Issei Kato Швейцариялык теннисчи Роджер Федерер Австралиянын ачык чемпионатын бешинчи жолу утуп алды. Финалдык беттеште Федерер испаниялык Рафаэль Надал менен беттешип, оюн 3 саат 37 мүнөткө созулду Швейцариялык теннисчи Роджер Федерер Австралиянын ачык чемпионатын бешинчи жолу утуп алды. Финалдык беттеште Федерер испаниялык Рафаэль Надал менен беттешип, оюн 3 саат 37 мүнөткө созулду
© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүү Россияда эң мыкты гримерди тандашты. Алар калыстарга жомоктун жана кинодогу каармандардын образдарын сунушташкан Россияда эң мыкты гримерди тандашты. Алар калыстарга жомоктун жана кинодогу каармандардын образдарын сунушташкан
© REUTERS / Ilya Naymushin Красноярск зоопаркындагы ак аюу. Ал АКШнын учурдагы президенти болот деп Дональд Трамптын элеси түшүрүлгөн ашкабакты тандаган Красноярск зоопаркындагы ак аюу. Ал АКШнын учурдагы президенти болот деп Дональд Трамптын элеси түшүрүлгөн ашкабакты тандаган
© REUTERS / Erik De Castro "Аалам сулуусу" конкурсу Филиппинде өтүүдө. Ага катышуу үчүн дүйнөнүн чар тарабынан 86 сулуу келген. Анда Франциядан келген Ирис Миттенэр жеңүүчү болду "Аалам сулуусу" конкурсу Филиппинде өтүүдө. Ага катышуу үчүн дүйнөнүн чар тарабынан 86 сулуу келген. Анда Франциядан келген Ирис Миттенэр жеңүүчү болду
© REUTERS / Adnan Abidi Индиядагы жылан машыктыруучу. Бул кесип сейрек кездешет. Алар башында кишини чакпаган жыландар менен машыгып, кийин уулуу жыландарды да көндүрүшөт Индиядагы жылан машыктыруучу. Бул кесип сейрек кездешет. Алар башында кишини чакпаган жыландар менен машыгып, кийин уулуу жыландарды да көндүрүшөт
© REUTERS / Athit Perawongmetha Бангкок шаарында тоок жылы алдында төрөлгөн ымыркайларга жөжөнүн кийимдерин кийгизишти. Ай календары боюнча жаңы жыл 28-январдан тарта башталды Бангкок шаарында тоок жылы алдында төрөлгөн ымыркайларга жөжөнүн кийимдерин кийгизишти. Ай календары боюнча жаңы жыл 28-январдан тарта башталды
© REUTERS / Rafael Marchante Кытай жаңы жылын португалиялыктар бий менен белгилешти. Борбор калаа Лиссабонго чогулган эл Кытай жаңы жылын португалиялыктар бий менен белгилешти. Борбор калаа Лиссабонго чогулган эл
© AP Photo / Danny Lawson / PA via AP Дүйнө жүзү боюнча Холокосто кырсыгынын курмандыктарын эстешти. Улуу Британиядагы Йорк чиркөөсүндө алардын урматына шам жагылды Дүйнө жүзү боюнча Холокосто кырсыгынын курмандыктарын эстешти. Улуу Британиядагы Йорк чиркөөсүндө алардын урматына шам жагылды
© AP Photo / Emilio Morenatti Жер ортолук деңизинен кайыкта табылган мигранттар куткарылгандан кийин. Алар кеменин ичинде уктап жатышат Жер ортолук деңизинен кайыкта табылган мигранттар куткарылгандан кийин. Алар кеменин ичинде уктап жатышат
© AP Photo / Farah Abdi Warsameh Сомалинин борбору Могадишо шаарында террорчулар Dayah мейманканасына кол салышты. Анын кесепетинен 23 киши каза болуп, 43 киши түрдүү жаракаттарды алган Сомалинин борбору Могадишо шаарында террорчулар Dayah мейманканасына кол салышты. Анын кесепетинен 23 киши каза болуп, 43 киши түрдүү жаракаттарды алган
© AFP / George OURFALIAN Сириядагы согуш башталгандан бери төрт жылдан кийин поезд биринчи жолу Алеппо шаарын аралап өттү Сириядагы согуш башталгандан бери төрт жылдан кийин поезд биринчи жолу Алеппо шаарын аралап өттү
© AP Photo / Esteban Felix Чилиде токой өрттөнүп 11 кишинин өмүрүн алды. Андан сырткары 500 миң гектардагы токой жана талаалар күйгөн. Өрттүн чыгышына кургакчылык дагы негиз болгон Чилиде токой өрттөнүп 11 кишинин өмүрүн алды. Андан сырткары 500 миң гектардагы токой жана талаалар күйгөн. Өрттүн чыгышына кургакчылык дагы негиз болгон
© REUTERS / Kim Kyung-Hoon Япондор аялдарына болгон сүйүүсүн Aisai майрамынын алкагында билдиришти. Токиодогу парктардын бири Япондор аялдарына болгон сүйүүсүн Aisai майрамынын алкагында билдиришти. Токиодогу парктардын бири
© REUTERS / Bobby Yip Гонконгдо АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын окшоштору жолукту. Трамп шайлоо кампаниясы учурунда Ким Чен Ын менен жолугуу маселе жаратпастыгын айткан Гонконгдо АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын окшоштору жолукту. Трамп шайлоо кампаниясы учурунда Ким Чен Ын менен жолугуу маселе жаратпастыгын айткан