Өзгөн районунун Ничке-Сай айылынын Топ-Жаңгак участкасында 26-март күнү таңга жуук жер көчкү жүрүп, төрт балалуу үй-бүлөнү басып калды. Кырсыктан 29 жаштагы үй ээси, анын 28 жаштагы жубайы жана жети, алты, төрт жана бир жаштагы балдары каза болду.