Өзгөндө жер көчкү алдында калган дагы бир адамдын сөөгү табылды

© Фото / пресс-служба МЧС КРОползень в Сузаке, есть погибшие
Оползень в Сузаке, есть погибшие - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда көчкү алдынан табылган маркумдун өздүгү такталууда.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Өзгөн районунун Зергер айыл аймагында жер көчкү алдында калган дагы бир адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

"Жер көчкү басып калган жарандарды издөө иштери улантылып, саат 13:40 чамасында куткаруучулар бир адамдын сөөгүн табышты", — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, 26-мартта таңга жуук аталган аймактын Топ-Жаңгак участкасында жер көчүп, бир турак-жайды басып, төрт балалуу үй-бүлө көчкү алдында калган. 29-март күнү издөө иш-аракеттеринин натыйжасында 7 жана 1 жаштагы кыздардын сөөгү табылган.

Маркумдун ким экени такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0