Кыргызстан кайберенин чет элдиктерге аттырып канча акча таап жатат? Инфографика

Жазылуу
Чет элдиктердин КР аймагында аңчылык кылууга уруксат берилип, өкмөт тарабынан анын жол-жобосу иштелип чыккан. Анын негизинде жыл сайын жапайы жаныбарларды атууга чет жактан ондогон киши келет.

Буга чейин Жогорку Кеңештин 40 депутаты 2020-2030-жылдары Кыргызстандын аймагында аркар-кулжа, эчки-теке, элик, марал-бугу, доӊуз сыяктуу төрт жапайы жаныбарга аңчылык кылууга мораторий киргизүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган. Бирок өкмөт ага каршы чыгып, мындай өзгөртүүлөргө каржылык жактан даяр эместигин жүйө келтирген.

Sputnik Кыргызстан агенттиги чет элдиктерден мамлекет канча акча таап, аларга эмнелерди атууга уруксат берип жаткандыгын тактап көрдү.

Аңчылык сезону август айынын экинчи ишембисинде башталып, декабрдын биринчи жекшембисинде бүтөт.

Город Исфана в Лейлекском районе Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Табияттын мыйзамы бузулса, табият менен жазалайт. Кайберендин каргышына калба
Чет элдик жарандарга Кыргызстандын аймагында аңчылык кылууга уруксатты Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаменти берет. Мекеме 2019-жылы 63 аркар-кулжа, 347 тоо теке, алты элик атууга уруксат берген.

Үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрына чейин 31 аркар-кулжа, 262 тоо теке, беш элик жана үч карышкыр атылган. Жыйынтыгында 106 миллион 24 миң 570 сом акча түшкөн. Өкмөт бекиткен жобо боюнча ал акчанын 25 пайызы жаныбар олжолонгон аймактын жергиликтүү бюджетине, 35 пайызы аңчылык чарбасына, калганы Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигине түшөт.

Ал эми өткөн жылы чет элдиктер Кыргызстанда аңчылык кылуу үчүн 60 миллион сом төлөгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0