Садыр Жапаровдун кортежиндеги унаа кырсыктап, УКМКнын өкүлү каза болду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезиденттин кортежиндеги унаа. Архив
Президенттин кортежиндеги унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Жазылуу
Кортеждеги унаа Ысык-Көл районундагы Ананьево айылына жакын жердеги жолдон каршы тилкеге чыгып кеткен унаа менен кагышты.
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдө мамлекет башчы Садыр Жапаровдун кортежиндеги унаа кырсыктап, УКМКнын 9-кызматынын бир өкүлү каза тапты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдирди.
Окуя бүгүн, 4-июнда, Садыр Жапаров Ысык-Көлгө барганда болгон.
"Кортеждеги унаа Ысык-Көл районундагы Ананьево айылына жакын жердеги жолдон каршы тилкеге чыгып кеткен унаа менен кагышты. Алдын ала маалымат боюнча, каршы тилкеге чыга калган унаанын айдоочусу мас болгон", — деп айтылат маалыматта.
Окуянын кесепетинен УКМКнын 9-кызматынын бир өкүлү набыт болуп, үч киши жабыркаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0