Автоунаанын маңдайы бүктөлүп калган. Бишкектеги жол кырсыгынын видеосу

© AFP / JOE RAEDLEЖол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив
Жол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2021
Жазылуу
Автокырсык бүгүн Бишкек калаасындагы Профсоюз көчөсүндө болгон. Бир киши жаракат алып, ооруканага жеткирилгендигин айтышты.
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Бишкекте жеңил автоунаа жогорку чыңалуудагы электр зымдары тартылган ири түркүктү сүзүп, маңдай жагы бүктөлүп калган.
Кырсыктын видеосу "Короче" тelegram-каналына жарыяланды.
Окуя бүгүн болжол менен саат 19:00дө Профсоюз көчөсүндө болгон. Күбө болгондордун айтымында, бир киши жаракат алып, аны Тез жардам кызматы ооруканага жеткирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0