Экс-министр Каныбек Исаков дүйнөдөн кайтты

© Фото / пресс-служба ОшГУМурдагы билим берүү жана Илим министри Каныбек Исаков. Архив
Мурдагы билим берүү жана Илим министри Каныбек Исаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Исаков былтыркы жылдын 11-сентябрынан тарта октябрь окуяларына чейин КР билим берүү жана илим министри болуп эмгектенген.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 51 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу маалыматты анын жакындары тастыктап, пневмониядан улам дүйнө менен кош айтышканын билдиришти.  

Исаков 1969-жылы 4-июнда Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылында туулган. 1993-жылдан тарта ОшМУда эмгектенип, 2011-2019-жылдары окуу жайды жетектеген.

Былтыркы жылдын 11-сентябрынан тарта октябрь окуяларына чейин КР билим берүү жана илим министри болуп эмгектенген.

Исаков 2011-жылы докторлук диссертациясын жактаган. Филология илимдеринин доктору, профессор. Көп сандаган монографиялардын, илимий иштердин жана публицистикалык макалалардын автору болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0