УКМК: Евробиримдик берген грантты жеп койгон деп Жогорку соттун өкүлү камалды

Жазылуу
Берилген гранттын негизги суммасы желип, эски программалык жабдык алынганы үчүн сыр маалыматтар сыртка чыгып кеткени айтылды.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Жогорку соттун жооптуу кызматтагы адамдары автоматташтырылган "Жергиликтүү сот" маалыматтык системасын ишке киргизүүдө коррупциялык ишке барышкан. Анын кесепетинен бир катар сыр маалыматтар сыртка чыгып кеткен. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Европа биримдиги аталган система үчүн Кыргызстанга ири суммадагы грант бөлгөн. Бирок Жогорку соттун өкүлдөрү негизги сумманы алып калыш үчүн коррупциялык схема түзүшкөн.

"2016-жылы Европа биримдиги "Жергиликтүү сот" системасы үчүн грант бөлгөн. Аны ЦБИ ЖЧКсы ишке ашырмай болгон. Бирок компаниянын З.А.А. аттуу жетекчиси Жогорку соттун жетекчилиги менен сүйлөшүп алып, негизги сумманы кымырып алышкан. Кийин ишке жараксыз, эскирген программалык жабдыкты алып беришкен. Бирок ал бүгүнкүгө чейин баланска алына элек жана 2020-жылдын ноябрында мөөнөтү бүтөт. Буга байланыштуу ведомстволор аралык "Түндүк" системасына туташа албайт", — дешти УКМКдан.

Бул фактыны жаап-жашыруу үчүн Жогорку соттун жетекчилиги башка IT-компания менен жалган келишим түзүүнү чечкен.

"Ал компания жаңы программалык жабдыкты түзүү милдетин алган. Анын кызматына бюджеттен сегиз миллион сом бөлүнмөк. Мындан сырткары, "Жергиликтүү сот" системасынын маалыматтары ЦБИ компаниясы үчүн жеткиликтүү болгондуктан Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу "ЗАГС", "Паспорт" жана "Адрестик – сурап-билүү бюро" системасындагы маалыматтар сыртка чыгып кеткен", — деп айтылат маалыматта.

30 күн убакыт берем, уурдаган акчаңарды кайтаргыла! Жапаровдун видеокайрылуусу

21-октябрь күнү УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Жогорку сот менен компаниянын имаратын, кызматкерлердин үйүн тинтүүгө алып, тергөө үчүн керектүү нерселерди алып кетишкен. Ошол эле күнү кылмышка шектүү катары ЦБИ ишканасынын жетекчиси З.А., Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин алдындагы "Адилет сот" мекемесинин жетекчиси Т.А. УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Иш Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") боюнча тергелип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0