Коронавирус бир суткада 13 адамдын өмүрүн алды

© AFP / Go Nakamura / Getty ImagesСитуация в США из-за пандемии нового коронавируса
Ситуация в США из-за пандемии нового коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус жуктуруп алып каза болгондордун саны 112ге жетти. Ал эми пневмониядан көз жумгандар өзүнчө эсептелүүдө.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус 13 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, каза болгондордун тогузу эркек, төртөө аял киши.

"Бишкекте Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасынан 67 жаштагы эркек киши, № 6 шаардык клиникалык ооруканасынан 52 жаштагы эркек киши жана Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасынан 69, 55, 70 жаштардагы үч эркек көз жумган. Ал эми Ош шаардык клиникалык ооруканасынан 52 жаштагы киши, Жалал-Абад облустук ооруканасынан 53 жаштагы бейтап да коронавирус менен алышып үзүлгөн. Ат-Башы аймактык ооруканасынан 64 жаштагы эркек киши жана 55 жаштагы аял каза болсо, Жайыл аймактык ооруканасынан үч адам көз жумган. Алардын бирөө 63 жаштагы эркек, экөө 59 жана 70 жаштагы аялдар. Москва аймактык ооруканасынан да 49 жаштагы бир аял каза тапкан", — деди Акматова.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп алып каза тапкандардын саны 112ге жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0