Кыргызстанда дагы 12 кишиден коронавирус аныкталды

© REUTERS / Dado RuvicСитуация в мире в связи с коронавирусом
Ситуация в мире в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикада коронавирус аныкталып каза тапкан бейтаптардын саны төрткө жетти. Төртөө тең чет мамлекеттен келгендер.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Кыргызстанда дагы 12 кишиден коронавирус чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифингде билдирди.

Ушуну менен бейтаптардын жалпы саны 228ге жетти.

"Өткөн сутка ичинде COVID-19 вирусун жуктурган 12 жаӊы учур катталды. Алардын ичинен 3 эркек жана 9 аял. Баары Ош облусунда обсервацияда болчу", — деди Абдикаримов.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0