Бишкекте үч эркек киши 5 жашар баланы энесинин колунан жула качты. Сүрөт

© Фото / пресс-служба ГУОБДДСотрудники ГУОБДД с пятилетним мальчиком, которого пытались похитить трое мужчин
Сотрудники ГУОБДД с пятилетним мальчиком, которого пытались похитить трое мужчин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүүлөр Volkswagen Vento үлгүсүндөгү автоунаага отуруп, из жашырууга аракет кылышкан.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Бишкекте энесинин колунан 5 жашар баласын жула качып, автоунаа менен изин жашырууга аракет кылган үч эркек киши кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

© Фото / пресс-служба ГУОБДДБишкекте энесинин колунан 5 жашар баласын жула качып, автоунаа менен изин жащырууга аракет кылган үч эркек киши кармалды
Бишкекте үч эркек киши 5 жашар баланы энесинин колунан жула качты. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте энесинин колунан 5 жашар баласын жула качып, автоунаа менен изин жащырууга аракет кылган үч эркек киши кармалды

Ага ылайык, окуя бүгүн, 5-августта, кечинде Бишкектин Рыскулов менен Темирязев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Милицияга саат 19:35те баланы белгисиз кишилер кара түстөгү унаага күч менен салып кеткени боюнча маалымат түшкөн.

© Фото / пресс-служба ГУОБДДМилицияга саат 19:35те баланы белгисиз кишилер кара түстөгү унаага күч менен салып алып кеткени боюнча маалымат келип түшкөн
Бишкекте үч эркек киши 5 жашар баланы энесинин колунан жула качты. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Милицияга саат 19:35те баланы белгисиз кишилер кара түстөгү унаага күч менен салып алып кеткени боюнча маалымат келип түшкөн

"Аталган факты боюнча ЖКККББнын Бишкек шаары менен Чүй облусу боюнча жеке курамы тартылган. "Перехват" планы ишке киргизилген. Укук коргоо органдарынын биргелешкен аракети жана "Коопсуз шаардын" камераларынын жардамы менен жарым саат ичинде шектүүлөр бараткан Volkswagen Vento автоунаа машина базар жактан кармалган. Анын ичинде үч киши жана 5 жашар бала болгон. Алар Таласка бараткан", — деп айтылат маалыматта.

Кармалган жарандар Бишкек ШИИБдин криминалдык милиция кызматына өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0