Мамкаттоонун камактагы өкүлү үй камагына чыгарылды. Себеби

© Sputnik / Табылды КадырбековГСБЭП опровергла препятствование спецслужбам при задержании
ГСБЭП опровергла препятствование спецслужбам при задержании - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соттон аткаминердин баш коргоо чарасы эмнеге өзгөртүлгөнүн маалымдашты.

БИШКЕК, 30 апр — Sputnik. Бишкек шаардык соту Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин камактагы орун басары Руслан Сарыбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарды.

Государственная служба финансовой полиции КР - Sputnik Кыргызстан
Коррупция менен күрөшкөн Финпол атайын эсепке 68 млн. сом которду
Шаардык соттун маалымат кызматынан кабарлашкандай, соттун мындай чечимине — шектүүнүн тергөө органдары менен кызматташып жатканы, үч өспүрүм баласы бар экени жана жакында апасы каза болгону таасир эткен.

Буга чейин УКМК соттун чечими менен үч аткаминерди камакка алган. Алар: Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары Руслан Сарыбаев, статс-катчы Талант Абдуллаев жана "Инфоком" компаниясынын директору Талант Абдуллаев.

Алар биометрикалык паспортту чыгарууда тендерден уткан компания менен жең ичинен сүйлөшүп, коррупцияга барган деп айыпталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0