10:46 20 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8031
  • EUR77.6699
  • RUB1.0915
Куралчан адам. Архив

Кыргыз-казак чек арасында ок атылып, бир киши каза болду. Чоо-жайы

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
661 0 0

Үч киши Кыргызстандан Казакстанга мал алып өтүп бара жаткан.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Казакстан менен чектешкен аймагында октон бир киши каза болгон окуя катталганын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Таластын Манас районундагы Жайылган деген жеринен үч белгисиз киши Кыргызстандан Казакстанга 15 жылкы өткөрүп бара жатып кармалган. Окуя болгон жерге чек арачылар келип, мыйзам бузгандарды кармоого аракет кылган. Ал эми экинчи тарап каршылык көрсөтүп, бири бычак колдонууга аракет кылган.

"Коопсуздук үчүн чек арачылар асманга ок атууга аргасыз болгон. Ага карабастан тартип бузгандар талапка баш ийбей, каршылык көрсөтүүнү уланткан. Мындан улам чек арачылар кайрадан ок чыгарып, ал мыйзам бузгандардын бирин жаракат кылган. Калган экөө Казакстан тарапка из жашырып кетүүгө үлгүргөн. Ал эми ок жеген киши биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп жатканда каза болгон", — деп айтылат маалыматта.

Окуя тууралуу Кыргызстан менен Казакстандын тийиштүү мамлекеттик органдары кабардар болду. Ушу тапта тергөө жана издөө иш аракеттери жүргүзүлүп жатат.

Тема боюнча

Ысык-Көлдөгү жол кырсыктан экотехинспекциянын жергиликтүү жетекчиси каза болду
Белгилер:
ок атуу, жылкы, чек ара, Казакстан, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ