03:14 07 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD74.2343
  • EUR84.1186
  • RUB1.0816
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
64301

Автоинспектор жол эрежесин бузган айдоочуну кубалап, автоунаанын дөңгөлөгүнө аткан. Кайыган ок жолдо кетип бараткан 57 жаштагы кишиге тийген.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Автоинспектордун аткан огу кайып тийген 57 жаштагы кишиге жөлөк пул төлөнбөйт. Бул тууралуу Ош шаардык ЖКККБдин жетекчиси Шайырбек Шакиров Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Буга чейин маалымдалгандай 23-декабрда саат 18:00дөр чамасында Ош шаарынын инспектору терезесин толугу менен караңгылатып алган автоунааны токтоткон, бирок ал буйрукка баш ийбей, аны жөөлөп, окуя болгон жерден кетип калган. Жол эрежесин бузган айдоочуну инспектордун өнөгү кууп, токтотуу үчүн асманга эскертүүчү ок атып, андан кийин машинанын дөңгөлөгүнө аткан. Ок унаанын алды жагына тийип, кайып барып жолдо кетип бараткан 57 жаштагы кишинин кулагына тийген. Ал жергиликтүү ооруканага жаткырылган. Инспектордун буйругуна баш ийбеген жаран 19 жашта экени жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турары белгилүү болгон.

Шакиров жаракат алган тургунга бардык керектүү медициналык жардам берилгенин кошумчалады.

"Дарыгерлер 57 жаштагы кишиге дароо операция жасап, окту алып чыгышкан. Ага компенсация каралган эмес. Анткени бул күтүлбөгөн окуя болду. Эреже бузган айдоочуну токтотууга аракет кылган инспектор кишини атайылап аткан эмес. Анын чыгарган огу 19 жаштагы баланын машинасына тийип кайып кеткен", — деди Шакиров.

Ош шаардык ЖКККБдин жетекчисинин айтымында, жабыркаган киши инспекторго эч кандай доосу жок экенин билдирген.

Өз кезегинде Ош шаардык ооруканасынын нейротравматология бөлүмүнүн башчысы Курсантбек Калыев Sputnik Кыргызстан агенттигине маалымдагандай, жабыркаган кишинин абалы учурда орто. Ал ооруканага келип түшөрү менен операция жасалып, баштын чеке тарабында баш сөөк менен теринин ортосуна туруп калган окту алып чыгышкан.

Тема боюнча

Кызыл-Кыяда ур-токмокко алынган 15 жаштагы окуучу каза тапты
Кинодогудай! Ошто жол эрежесин бузган унаага атылган ок жөө кишиге тийди
Белгилер:
инспектор, жөлөк пул, ок атуу, Ош

ЭҢ МААНИЛҮҮ