Кайрадан ок чыгарды. Милицияны атты деген шектүү кармоо учурунда курал колдонду

CC BY-SA 2.0 / houstondwiPhotos mp / Handcuffs and a CarЧеловек в наручниках. Архивное фото
Человек в наручниках. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган жаран жыл башында Свердлов РИИБинин кызматкерин атып, окуя болгон жерден качып кеткен.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Жыл башында Бишкектин Чыгыш-5 кичирайонунан милиция кызматкерине ок чыгарган жаран бүгүн таңда Кара-Балта шаарынан колго түшүрүлдү. Ал кармоо маалында ок чыгарып, милиция кызматкерлерин жарадар кылып, өзү да жабыркаган. Бул тууралуу ОИББдин маалымат кызматы билдирди.

Один день из жизни участкового - Sputnik Кыргызстан
Баткен облусунун прокурорунун өлтүрүлүшү. ИИМ окуянын чоо-жайын айтты
Колго түшүрүү иштери 18-ноябрда таңкы саат 6:00дө Чүй облустук криминалдык милициясы тарабынан жүргүзүлгөн.

Белгилей кетсек, 3-февралда белгисиз киши Бишкектин "Чыгыш-5" кичирайонунан Свердлов райондук милициясынын кызматкерине ок чыгарып, окуя болгон жерден качып кеткен. Кийин шектүүнүн аты-жөнү Тилек Шатманов экени аныкталып, укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Шектүүнү машинанын артына салып милиция бөлүмүнө алып баратканда капысынан тапанчасын чыгарып автоунаа айдап бараткан милиционерди аткан. Машина токтогондо ал качып кеткен. Дароо "Перехват" планы жарыяланып издөө салынган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. 

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаШектүүнүн Тилек Шатманов
Подозреваемый в совершении вооруженного нападения на сотрудников УВД Свердловского района - Sputnik Кыргызстан
Шектүүнүн Тилек Шатманов

"Ыкчам маалыматтар боюнча издөөдө жүргөн Шатманов Кара-Балта шаарында экени аныкталган. Бүгүн таңкы саат алтылар чамасында "Шумкар" атайын даярдыктагы бөлүмдүн өкүлдөрү менен чогуу шектүү кармалды. Ал ок чыгарып каршылык көрсөттү", — деп айтылат маалыматта.

Кармоо маалында "Шумкардын" бир жоокери менен шектүү жаракат алган. Экөө тең Кара-Балта шаарынын ооруканасына жеткирилген.

Колго түшкөн Шатманов Ош шаарында каракчылык жасаган жана Чүй облусунда адам өлтүрүүгө катыштыгы бар деп шектелүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0