Экс-вице-премьер Тайырбек Сарпашевдин кылмыш иши жандандырылды

© Sputnik / Табылды КадырбековВице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев. Архивное фото
Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишти Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы иликтейт.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевге козголгон кылмыш иши жандандырылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Башкы прокуратурадан билдиришти.

19-сентябрда Башкы прокуратура былтыр УКМКнын тергөөчүсүнүн кылмыш ишин токтотуу тууралуу чечимин жокко чыгарды. Эми ишти Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы иликтейт.

"Сарпашев жана Мамлекеттик каттоо кызматынын бир нече кызматкери Кылмыш кодексинин 304-беренеси "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча шектелүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абадда салыкчы ишкерден 80 миң сом пара алып жатып кармалды
2017-жылдын мартында Башкы прокуратура өкмөткө Сарпашевди Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигинен бошотуу боюнча сунуш жөнөткөн

Прокутаруранын версиясы боюнча 2013-жылы 28-мартта Мамлекеттик каттоо кызматы элдин жарандык абалын аныктай турчу бланк үчүн тендер өткөргөн. Ага эки компания катышкан, бирок Сарпашев утулуп калган компаниядан бланкаларды алууну буюрганын башкы көзөмөл органдан маалымдашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0