ТЭЦтин айланасындагы окуялар боюнча канча кылмыш иши козголгону айтылды

Жазылуу
Учурда эл өкүлдөрү депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулап жатат.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Осмонова бүгүнкү күнү ТЭЦтин айланасындагы окуя боюнча канча кылмыш иши козголуп, канча киши жоопко тартылганына жана ТВАЕ компаниясы тергөө иштерине жардам берип жатабы деп кызыкты.

УКМКнын башкы тергөө башкармалыгынын өкүлү депутаттын суроосуна жооп берип, жалпысынан жети киши камакка алынганын айтты.

"Бүгүнкү күндө ТЭЦтеги авария боюнча эки кылмыш иши тергелип жатат. Модернизациялоодо келтирилген кылмыштын белгилери боюнча бир кылмыш иши тергөөдө. Күз-кыш мезгилине даярдык көрүлүп жаткан учурда уурдалган каражаттар боюнча бир кылмыш иши тергелип жатат. Жалпысынан жоопкерчиликке жети киши тартылган", — деди ал.

Торжественная церемония открытия главного корпуса новых энергоблоков ТЭЦ города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
"Түндүкэлектр": ТЭЦке корой турчу 386 млн. доллардын баары сарптала элек
УКМКнын өкүлү жоопкерчиликке тартылгандардын арасында мамлекеттик бир кызматкер, "Электр станцияларынан" төрт адам жана катардагы эки киши бар экенин кошумчалады. Андан сырткары, ТВЕА компниясы келишимге таянуу менен көптөгөн документтерди берүүдөн баш тартып жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Бишкек ТЭЦтиндеги аварияны жана модернизациялоого кеткен каражаттын сарпталышы боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун кароо уланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0