Күндөшүнүн кофесине сымап кошуп берип... Марттын чуулгандуу окуялары

© AP Photo / Apichart WeerawongКофе. Архив
Кофе. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алтымыш жаштагы келиндин ызасы, сымап ичип аман калган күндөш жана жоокердин колунан жан таслим болуп, талаага ыргытылган таксист тууралуу окуялар биздин күндөрдө өттү.

Март айы Кыргызстандын соттору үчүн жеңил-желпи болгон жок. Төбө чачты тик тургузган, жинди кашайткан, бир эсе таң калтырган иштерди карап, өкүм чыгарды. Sputnik Кыргызстан агенттиги узаган айдагы чуулгандуу сегиз соттук чечимди сунуштайт.

Ак көңүлдүн аты арыбайт…

Күрөк көтөргөн бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өз атасын өлтүрө чапкан уул, Болот Шамшиевге кол салуу. 90-жылдардагы кылмыштар
Убактылуу кармоочу жайда камалып жаткан шылуун телефон аркылуу тааныш кызды алдап, андан ири көлөмдөгү акча алган. "Ак жеринен күйүп абакка түшкөн" бечарага кыз бир нече ирет 20 миң, андан кийин 40 миң сомдон акча салган. Ошентип отуруп жалпы жонунан 759 миң сомунан айрылган. Сот шылуунду эки жылга эркинен ажыратып, чыгымды толугу менен төлөп берүүгө милдеттендирди.

Ээнбаш бийкеч, жулунган погон

Курбулары менен туулган күнүн белгилеп, эртеси баш жазып жүргөн 20 жаштагы кыз дүкөндөн бир бөтөлкө сыра уурдап баратып колго түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келгенде ээнбаш бийкеч аларга моюн бербей, бирөөсүнүн погонун жулуп салган. Буга чейин бир нече жолу уурулук жана талап-тоноочулук менен соттолгон сулуу төрт жылдык өмүрүн эми аялдар абагында өткөрмөй болду.

Мыкаачы аскерлер

Абакка айдалгандардын бири аскер кызматын жаңы эле өтөп бүтсө, экинчиси келишимдик негизде кесибин улантып келген. Күндөрдүн биринде алар 25 жаштагы таксистти айылга айдатып баратып, орто жолдо токтотуп экөө айдоочуну муунтуп өлтүрүп салышкан. Экөө маркумду ээн талаага таштап, унааны сатуу үчүн Бишкекке айдап кетишкен. Мыкаачылык менен адам өлтүргөндөр өмүрүнүн аягына чейин темир тор артында калды.

Кимиси күнөөлүү?..

Конфликт между людьми - Sputnik Кыргызстан
Талаш маселени сотко чейин чечип берген медиаторлор. 9 суроого жооп
Бала-чакалуу эки келин жумуштан кечиккен күйөөлөрүн издеп, бейтааныш аялдын үйүнө барышкан. Чоочун үйдө мас болуп бийлеп жүргөн жолдошторун көргөн келиндер ызы-чуу салып, үйдүн терезесин, гүлдөрүн сындырып, кожойкени сабап салышкан. Шаан-шөкөттү сүйгөн эркектер үчүн эми алар жабырлануучуга 80 миң сом төлөмөр болду. Баса, сот эки келинди 12 миң сомдук айыпка да жыкты.

Мүрзөдөн чыккан чыр

Агасынын үйүнө мейманга барган тууганы экөө арак ичип, баарлашып отурган. Конокко келген иниси чоң энеси жөнүндө сөз кылып, агасы кемпирдин мурасына ээ болгонун, бирок ушу кезге чейин мүрзөнүн айланасы тосулбай турганын кыйыткан. Эки туугандын талаш-тартышы мушташка айланып, кичүүсү улуусун бычак менен төшкө сайып жиберген. Үй ээси аман калып, бычак шилтеген иниси 15 жылга кесилди.

Кофеге сымап кошуп берген күндөш

Жолдошунун биринчи аялын балдары менен конокко чакырган келин меймандарды дасторконун жайнатып жакшылап күтөт. Тамак ичип отурганда кожойке аялга кофе куюп берем деп ашканага кирип кеткен. Ал бөлмөдө турган градусникти сындырып, анын сымабын суусундукка кошуп, көтөрүп келген… Кудай жалгап, аял аман калган. Ал эми адам өмүрүнө забын болом деген келин 10 жылга эркинен ажыратылды.

Алтымыштагы келин темир торго түшө жаздап…

Бетин жаап турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кызды төртөөлөп кордогондордун бири гана 1,5 жылга кесилди. Февралдын сот чечимдери
Алтымыш жашка жакындап калган аял 12 жыл мурда жесир калат. Кезинде күйөөсү агасы менен акча чогултуп батир сатып алып, аны ижарга бере баштаган. Бирок кийин бир тууганынын көзү өткөндөн кийин ижарадан түшкөн акча тең бөлүнбөй калган. Мындай мамилеге жини келген аял кайнагасынын үйүнө барып, бирок кайненесине туш болот. Чырдаша кетип кемпирге кол көтөрүп жиберет. Бул үчүн келини жоопко тартылмай болот. Бирок сот отурумда эки тарап элдешип, жесир аял темир торго кирбей калган.

Эмне үчүн өлтүргөнү эсинде жок…

Эки дос арак ичип отуруп, уруша кетет да ал мушташка айланат. Акыры чыдабай кетип, бири экинчисин чоң түтүк менен берип калат. Баш сөөгү сынып кеткен жабырлануучу мүрт кетет. 35 жаштагы айыпкер сотто чыр эмнеден улам чыкканын эстей алган эмес. Күнөөсүн мойнуна алып, 14 жылдык өмүрүн темир тор артында өткөрмөй болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0