Ошто 80 жаштагы карыянын өлүмүнө себепкер айдоочу изделүүдө

© Sputnik / Жоомарт Ураимов Жыгылып калган жол белгиси. Архив
Жыгылып калган жол белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык 22-март күнү кечинде болгон

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунда белгисиз адам 80 жаштагы карыяны койдуруп кеткенин обулстук милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, аксакал ошол жерде каза тапкан.

"Кырсык 22-март күнү болжол менен саат 21.00дөрдө Правда айылында болгон. Из суутуп кеткен айдоочу изделүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча тергөө иштери башталды. Укук коргоо органдары кырсыкка күбө болгондорду (03222) 2-30-87; (0772) 80-77-11 телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0