Жаңы жылдын алдында көпчүлүк кыргызстандыктардын майрамдык маанайын өлкөдөгү аеосуз карактоолор туурасындагы маалыматтар бузду.
Бүт республика боюнча кылмышкерлер куралчан кол салууларды уюштурушкан. Үйлөргө түн ичинде киришкен.
Беловодское айылында каракчылар 100 миң сомдун айынан бир үй-бүлөгө ок чыгарган. Ысык-Көлдө жаш жигитти ысык үтүк менен кыйнап, акчасын алып кетишкен. Ошто мас киши кошунасын тоноону чечип, аны өлөрчө сабап, андан кийин үйүн өрттөп жиберген. Эки кишини өлтүрүп, баалуу буюмдарын тоноп кетишкен. Жалал-Абад облусундагы Күмүш-Азиз айылында кылмышкерлер улгайган жубайларды жана алардын 15 жашар кызын күрөк жана мык сууругуч менен сабашкан.
Айрымдарын бир нече күн аралыгында кармашты. Калган кылмышкерлер качып жүрөт.
Буларга катар эле Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтор кайрадан баш көтөрө башташканын Жогорку Кеңештин депутаттары айтып чыгышты.
Элвира Сурабалдиева "Осьминог" ресторанынын жардырылыш ыктымалдыгын эске салды. Депутат айымдын пикиринде, уюшкан кылмыштуулук топторуна каршы күрөштү милициянын олуттуу түрдө баштоосу үчүн ИИМге эң катуу талаптарды коюу зарыл.
Ал ортодо социалдык тармактын айрым колдонуучулары өлкөдөгү кырдаалдын курчуп баратканынан чочулашууда.
Желеде кыргызстандыктардын суроосу арбыгандан арбып барат. Эл коопсуз өмүр сүрүүнү самайт.
Интернет колдонуучулардын бири Илья Дейнеко үйүн күч органдарына кайтартуу үчүн милиция менен келишим түзүүнү ойлоно баштаган.
"Эл-журт! Жашоо кооптуу боло баштады. Каяктагы кылмышкерлер үйлөрдү тоноп, киши өлтүрүп, адамдарды аткылоодон айбыкпай калышты. Жакындарыма сарсанаамын. Укканыма караганда милиция жеке үйлөрдү кайтарууга алат. Мунун чын-төгүнүн билген барбы?" — деп жазды ал.
Борбор калаанын башка тургуну куралданууга бел байлаган.
"Соңку жаңылыктарды окуп, үрөйүм учат. Биз эмне, 90-жылдарга кайра кайттыкпы? Адамдарды өз үйүндө тоноп жатышат. Травматикалык курал сатып алуу керек болуп калды. Мыйзамдуу жол менен аны Бишкектин кай жагынан таба алабыз?" — деп суроо салды Бактыбек Мейманбеков.
Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү кылмыштуулуктун күчөшүнөн улам жаралган кырдаал канчалык кооптуу экенин билүү, эгер убагында ооздуктабаса эмне менен аяктары туурасында тажрыйбалуу серепчилерге кайрылууну чечти. Адегенде Александр Зеличенкого кайрылдык. Милициянын 40 жылдык тажрыйбасы бар полковниги кызык пикирлерди айтып берди.
— Талап-тоноо байма-бай болуп туруучу көрүнүш. Талоончулар аша чапкан каракчы же бандит деле эмес. Иш аракетин деле пландашпайт.
Мисалы, Жаңы жыл. Майрамдаш керек да. Өзгөчө жигиттер чогулат, кичине кызып калгандан кийин отурушка кыздарды чакырыш керек болот, бирок чөнтөктө бир тыйын жок. "Өткөндө эле Россияда иштеген бирөө туугандарына акча жөнөттү деп уккам, барып көрбөйлүбү…"
Негизинен алар оор кылмышка барып жатканын, курмандыктарды алар сыяктуу эле адам экенин элес алышпайт. Ушул өтө коркунучтуу. Мыкаачылык чектен ашып кетет.
— Александр Леонидович, мындай кырдаалда бийликтин кадамдары кандай болуусу абзел? Милиция эмне кылууга тийиш?
"Каралардын" күч органдары менен чырмалышып кетмей адаты бар. Совет убагында деле ИИМдин жогорку мектебине алар менен байланышы бар балдар өтүп кетчү. Кийин алар органдагы кызматта ачыкка чыгып калчу. Балким бийлик органдарында криминалдык элементтер орун алып калышында ошол эле ыкмалар азыр да колдонулуп жаткандыр.
Уюшкан кылмыштуулук өз аракеттеринин натыйжасында ээлик кылганына маашырланат. 10 банкты "колго алып коюп", көмүскөгө кетишет.
Бирок качан гана алар өз таасирин жана "кирешесин" жогорулатуу үчүн саясатка аралаша баштаганда мафия болуп чыга келет. А бул андан эки эсе кооптуу көрүнүш. Алар бандиттерге каршы күрөштү күчөткөн мыйзамдарга бөгөт болушат. Ушул чакта өлкөдө дал ушундай абал.
Бир нече жыл мурун уюшкан кылмыш топторун кууп таркатышкан, кай бирлерин камашкан, ошондон улам алар чочулап, көздөн далдоо болууга өткөн. Андан соң милиция бир аз бошоңдой түштү. Бул тынымсыз күрөштү талап кылат. Токтоп калды эле, кылмышкерлер кайра баш көтөрө баштады. Кандайдыр кайра жаралуу жүрүп жаткандай.
Алардын көпчүлүгүн билем. Жансакчылар, коштогон унаалар менен жүргөнүн көрөм. Кайрадан мурдагыдай кекирейе, керсейе, кымбат автолордо жүрүшөт…
Маселен, Gelenvagen келе жатат, артынан – кара Jeep. Ким, эмне экендиги дароо байкалат. Мен аларды тааныйм. Анан кантип милиция кызматкерлери билбесин? Эгер билбесең, анда эмнеге ордуңда отурасың? Рапорт жаз да, участкалык ишке өт.
— Тажрыйбаңыз бай, милиционерлерге кеңеш берсеңиз?
Болгону алардын башчысын чакырам. Ал келет, анын келгенин баары көрүп, угушу үчүн иш бөлмөмө киргизем.
— Мында олтуруп тур, азыр бошой калайын.
Ал бурчтагы отургучка отурат, мен документтер менен иштеп олтура берем — рапорт, маалымкат, дагы бир нерселерди чиймелейм… Ал бир аз убакыт өткөндө:
— Жолдош начальник, бул жерде олтура турган болсом, неге келдим мен?
— Азыр, азыр… Күтө тур.
Ошентип, иш бөлмөмдө аны бир-эки саат кармайм. Анан телефон шыңгырайт. "Кечир, начальник чакырып жатат. Макул, биз сени менен дагы сүйлөшөбүз". Ал кетет.
Өз кишилерине барат, алар эмнеге чакырылганын сурашат. Ал: "Ой, билбейм, кабинетинде жинди кишиче отуруп-отуруп келе бердим" дейт. Ким ишенет буга?
Андан кийин ал топтон бирөөсүн кармоо зарыл, баары жанагы "кол башчыдан" шек санашат. Авторитеттин беделин түшүрүү деген ушул.
Мындай ыкмалар толтура, колдонгула! Ыкчам кызматкерлердин кылмыш топторун ар дайым көзөмөлдө кармагыдай күчтүү каражаттардын кубаттуу арсеналы бар. Кылмыш жасалышын күтүп отурбай, аларды пайдалануу зарыл.
Бирок бул үчүн саясий эрк керек.
Эгер милицияны моралдык жактан шыктандырып турса, ал ишти жакшы колго аларына кепилдик берем. "Каралар" – душман деген нукта тарбиялоо керек: "Аларга дайым катаал чара көрүш керек. Биз — карама-каршы тараптабыз. Эгер мыйзамды бузбасаң, баарын туура аткарсаң, дайым канатыбызга калкалайбыз.
Кылмышкерди эч ким сактап калбайт — жактоочу да, жогорку кызматтагы коргоочулары да. Ыкчам кызматкер буга ынанса, ишти өз деңгээлинде аткарат. Ал эми азырынча башкача көрүнүшкө күбө болуп турган чагы. Анан андан эмнени талап кыласың?
— Балким, милицияны катуу тилдеш керектир, кандай дейсиз? Жогорку Кеңештин депутаттары же ИИМ жетекчилиги бул нерсени колго алаар.
— Көз карандысыз комиссия түзүп, анын курамына бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн, ИИМдин коомдук кеңешин чакыруу зарыл. "Осьминогдун" өрттөлүшү боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүү керек. Милициянын коопсуздук кызматы аталган иш боюнча иштегендердин баарын текшерүүнү тапшырышы керек.
Алардын ордун алмаштыруу зарыл. Иликтөө жүргүзүп, эгер кандайдыр кымындай шек жаралса: "Биз сени Токмок же Ошко ушул эле кызматка которобуз" деш керек.
Эгер каалабаганын билдирсе, бул аны андан ары эмне кылуу керектиги үчүн негиз болуп берет.
Мындай жол аркылуу милициянын криминалитет менен чырмалышуусуна жол берилбейт.
Акыркы жумалардагы окуялар боюнча өз пикирин билдирүүгө УКМК башчысынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков да макул болду.
— Эгер буга чейин кылмыштар (каракчылык — ред.) мезгил-мезгили менен болуп турса, азыр системалуу мүнөзгө өттү. Мурда жашыруун жасалса, азыр ачык-айкын эле жасала баштады.
Уюшкан кылмыш топторуна каршы күрөш жарыяланганда катуу ыргак менен багыт алган. Бирок ошону менен токтоп калды. Акыркы эки-үч жылда криминал күчтөндү. Укук коргоо органдарынын айрым кызматкерлери, кээ бир аткаминерлер менен активдүү түрдө кызматташа баштады. Бүгүнкү күндө криминалдын да эски мууну четтеп, бир нерсеге ээлик кылууну көздөгөн жаштар алардын ордуна келип жатат.
Криминал азыр эки багытка: уюшкан кылмыш топтору жана чектен чыккан, капысынан жаралган, дайын-оту жокторго бөлүнөт. Алардын арбыны жазаланбай турганын сезишет.
— Эмнеге?
— Ички иштер бөлүмүнүн кадыр-баркын белгилүү криминалдык авторитеттердин кое берилиши түшүрүп койду. Азиз Батукаевдин эркиндикке чыгарылышы милициянын беделин бир топ төмөндөттү.
Майлуу-сүттүү жерлерден зордоп акча өндүрүү, өрттөөлөр болуп жатат. Түрмөлөрдөн милиция кызматкерин өлтүргөндүгү үчүн эркинен ажыратылган криминалдык авторитеттер чыгарыла баштады. Түштүктө "Дженго" кое берилди.
Өсүп келаткан муун буларды көрөт, бирөөнү сабап койсо деле бул үчүн жазаланбайбыз деген ойдо болушат. Бийлик өзү алардын жолдошторун абактан бошотот, алар кычыраган унааларды минип жүрүшөт. Бул жаштардын көзүн кызартат, идеал тута башташат.
Криминалдын мамлекеттик кызматкерлер же "ак жакачандар" менен чырмалышы кадыресе көрүнүшкө айланып барат. Муну менен күрөшүү кыйын. Көпчүлүк жарандар ак жакалуу уюшкан кылмыш топторунун мүчөлөрүнөн коркушат. Алар өзүнүкүн таңуулайт, схема жаратышат, абалды бир системага келтиришип, негизги ролду аткарышат. Башкы балээ дал ушунда.
— Эгер бийлик тийиштүү чараларды көрбөсө, бул эмнеге алып келиши мүмкүн?
— Эң чокусуна чейин тутумдашкан криминал бийликке өз шарттарын таңуулайт. Бул абдан кооптуу көрүнүш. Бийлик кайсы бир деңгээлде криминалдан көз каранды болуп калат.
Ошондуктан муну ушул калыбында – криминалы өзүнчө, мамлекети өзүнчө, ал эми укук коргоо органдары колунан келгенин жасагандай калтырууга болбойт. Иштин абдан катуу, бар тарабы чагылдырылган жолу зарыл. Коррупция менен күрөшүүгө тийишпиз. Жемкорлук бийлик менен бандиттердин өз ара мамилесин түзүүгө өбөлгө болгон.
Коррупциянын арышы кеңейип барат. Мамлекеттик камсыздоо жана мамлекеттик тейлөө болгон жерде анын гүлдөөрү эч кимге жашыруун эмес.