Өзгөндө эки унаа кагышып, үч адам көз жумду

Жазылуу
Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары иш алып барууда

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунда эки унаа кагышып, үч адам каза болгонун ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Кырсык Өзгөн районунда болгон.

"Алдын ала маалыматтар боюнча "Honda Fit" менен "Ваз-2199" үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Жол кырсыктын кесепетинен үч киши мерт болгон", — деп айтылат билдирүүдө.

Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары иш алып барууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0