Чоң-Алай: жер титирөөдөн кулаган сарайдын алдында калган адам куткарылды

Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин берген маалыматына ылайык, Ош облусундагы Чоң-Алай районунун Шибе, Карамык айылдарында жер титирөөнүн күчү 5 баллга жеткен.

БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Бүгүн Чоң-Алай районунун Чулук айылында жер титирөөдөн сарайдын дубалы кулап, бир адамды басып калган. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Последствия сильного землетрясения в Чон-Алае - Sputnik Кыргызстан
Күбө: жер титирөөдөн Чоң-Алайда сарай кулап, үйлөрдүн дубалы жарылды
Билдирмеге караганда, уранды алдында калган адам жергиликтүү тургундар тарабынан куткарылган.

Карамык айылында дагы бастырмалар кулап, үйлөрдүн дубалынан жарака кеткен.

Белгилей кетсек, бүгүн 3-майда КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык саат 10:47де Тажикстандын аймагында жер титирөө катталып, очогунда күчү 7 баллга жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0